Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 16.11.2019 14:20

Жер чыры: Ошто балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жайдын ордуна көп кабаттуу үй курулабы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын Салиева көчөсүндөгү №20, №22, №24, №26 көп кабаттуу үйлөрдүн айрым жашоочулары унаа токтотуучу жайга жана балдар аянтчасынын ордуна 12 кабаттуу эки үй курула турганына нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу алар аймактык кабарчыга билдиришти.

№20 үйдүн жашоочусу Шайыргүл Маматкайымованын айтымында, курулуш компаниянын өкүлдөрдүн бири жерди 15 миң долларга сатып алышканын айтып кеткен.

«Башында мэриянын өкүлдөрү келип, “гараждарды алгыла, шаардын көркүн бузуп жатат” деп бул жерлерди тазалап башташкан. Көрсө өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн тазалашыптыр. Курулуш башталарын билишиптир. Азыр бул жерде менин гана гаражым калды. Мен айылда жүргөндө “гаражыңызды мэриянын складына алып барып коёбуз, ошол жерден таап аласыз” деп чалышты. Бул гараждар СССР учурунда ушул көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн коюлган. Үйдү гаражы менен кошо сатып алгам. Балдар аянтчабыз, унаа токтотуучу жайды ким саткан? Биздин балдар кайсы жерде ойнойт? Унааларыбызды кайсы жерге токтотобуз? Бийлик өкүлдөрү биз менен эсептешпесе, биз да өзүбүздүн колдон келген бардык аракетибизди көрөбүз. Мурдагы мэрдин тушунда сатылып кеткен деген болбогон сөз. Бул жердин ызы-чуусу быйыл эле башталды», - деди Шайыргүл Маматкайымова.

№20 көп кабаттуу үйдүн дагы бир жашоочусу Гүлчехра Эрмекбаева да курулуш иштерине нааразы экенин билдирди.

«Буга чейин башка курулуш компания №20 көп кабатуу үйдүн жанына эки үй курган. Ошондон бери канализация көйгөйү башталган. Канализацияга улам кум толуп калат. Быйыл беш жолу тазалаттык. Эми башка курулуш башталды. Анын кесепетинен суу, жылуулук көйгөйү башталат. Ансыз да азыр суу 4-кабатка араң чыгып жатат», - деди Гулчехра Эрмекбаева.

Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Ырысбек Токоев аталган жер тилкеси 2012-жылы 19-октябрда мэриянын астындагы шаар куруу кеңешине коюлуп, мэриянын буйругунун негизинде көп кабаттуу турак үй курууга корутунду даярдалып берилген.

«2013-жылы Ош шаардык мэриясынын көп кабаттуу үйлөрдү курууга инвестиция тартуу үчүн жер тилкелерин аукцион жолу менен жеке менчикке берүү жөнүндө №281 токтому чыккан. Ал эми 2017-жылы келишимдин негизинде Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгына аталган жер тилкеси Шерматов Асылбек Осмоновичтин атына катталган. 2017-жылы сатып алуу келишиминин негизинде Тариэл Жолдошов сатып алган. 2018-жылы көп кабаттуу үйлөрдү долборлоо боюнча архитектуралык шаар куруу кеңеши ал жерге көп кабатуу үй курса болот деген чечим чыгарып берген. Тиешелүү органдарга, Өзгөчө кырдаалдар министирлигине кат менен кайрылганбыз. Алар 2 блоктон турган 9 кабаттуу үйдүн курулушун долбоорлоого макулбуз деген корутунду чыгарышкан. Көп кабаттуу үйлөр жашоочулар айтып жаткан балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жайлардан сырткары жерге курулат. Ар бир блок үчүн 900 чарчы метр жер берилген», - деди Ырысбек Токоев.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Эшбаев аталган жеке менчик жер тилкесине эки блоктон турган 9 кабаттуу турак үйдү долбоорлоого архитектуралык пландоо шарттары даярдалып берилгендиги боюнча шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан маалымат келип түшкөнүн билдирди.

«Бизге кайсы курулуш компаниясы курулуш иштерин баштап жатканы белгисиз. Курулуш иштери баштала элек болгондуктан азырынча бизге каттоого алына элек. Аталган жер тилкеси бир адамдын атына катталган. Алар бир жыл ичинде курулуш үчүн тиешелүү документтерин жасап жүрүшкөн. Курулуш башталары менен каттоодон өтөт. Биз курулуштун нормаларын, сапатын көзөмөлгө алабыз. Алардын документтери бардык талаптарга жооп берсе, курулуш баштаганга болот. Канализациянын үстүнө курулуп жатат деген калп. Эгерде ал жерде канализация болсо, ал жылдырылат. Балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жайлар калат», - деди Талантбек Эшбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×