Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.11.2019 16:21

Караколдо маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Каракол шаарында бүгүн, 15-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышты. Анда шаардын маданий тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланды. Ошондой эле, майрам ээлерине даярдалган концерттик программа тартууланды.

Кыргызстанда 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×