Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Баткен облусуБаткен району 15.11.2019 16:16

Баткенде жол кырсыктардан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Turmush -  Бүгүн, 15-ноябрда Баткен облусунун аймагында Жол кырсыктардан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жол сакчылары, студенттер, айдоочулар, окуучулар катышты. Былтыр облус аймагында 163 жол кырсыгы катталып, 22 жаран каза болуп, 272 жаран ар кандай жарааттарды алып, ооруканага кайрылышкан. Быйылкы жылдын 10 айында 203 жол кырсык катталып, 44 адам каза болуп, 368 жаран ар кандай жаракаттарды алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×