Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 15.11.2019 15:50

Ошто Алымбек датканын 220 жылдыгына арналган конференция өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарында Алымбек датканын 220 жылдыгына карата «Кыргызстандын тарыхында Алымбек датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана ролу» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада алгач өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана бир катар тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, мугалимдер катышып, Алымбек датканын эстелигине гүлчамбар коюшту. У.Жылкыбаев Алымбек датканын 220 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринде, музейлерде маданий жана спорттук иш-чаралар болуп өткөнүн, 220 жылдык мааракени республикалык деңгээлде өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Алымбек датка 19-кылымдагы феномен экенин билдирди.

«Алымбек датка өмүрүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө арнаган. Кокон хандыгында Алымбек даткадай эң бийик даражага жеткен инсандар чанда гана болгон. Алымбек датка хандан кийинки эле вазир болчу. Кокон хандыгынын Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндөгү өкүлү, датка чинин алгандан кийин көйгөйлөр ансыз чечилген эмес. Курманжан датка деген ысымды тарыхка алып келди. Алымбек датка болбогондо Курманжан датканын саясий аренага чыгышы кыйын болмок. Кыргыздардын мамлекетин курабыз деген саналуу эле адамдар болгон. Алар: Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка», - деди тарыхчы К.Молдокасымов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×