Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 16.11.2019 10:45 На русском

Чабанды «министрге айландырган» унаа баяны. Сүрөт

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Шерип Матказиев менен Гүлсайра Матказиева. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Шерип Матказиев Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылында 1934-жылы төрөлсө, Гүлсайра Матказиева Чүй районунун Жаӊы-Жол айылында 1938-жылы төрөлгөн. Алардын 1 уул, 2 кызы, 16 небере жана 20 чөбөрөсү бар.

«7-класска чейин окуп, андан кийин 2 жыл кесиптик техникумдан билим алгам. Андан соң эле аскерге кеттим. Байбичем менен 1955-жылы тааныштым. Туугандар тааныштырышкан. Кудалашып коюп, бир жылдан кийин баш коштук. Үйлөнгөндө жөнөкөй үлпөт той өткөргөнбүз. Ошол жылдан бери бирге жашап, уул-кыздардын чайын ичип, небере-чөбөрөнүн жытын жыттап, бактылуу карылыкка жеттик», - деди Шерип ата.

Шерип ата менен Гүлсайра апа көп жыл совхоздо чабан болуп эмгектенишкен. Алардын эмгегин баалап, өкмөт ошол кезде эң абройлуу автоунаа болуп саналган «Волга» үлгүсүндөгү унааны белекке беришкен.

«Чүй районуна караштуу «Плодоовощной» совхозунда чабан болуп узак жыл эмгектендик. Эмгегибизди баалаган өкмөт бизди ГАЗ-24 «Волга» унаасы менен сыйлаган. Ошондо 1977-жылдары болчу. Биз ошондо болуп көрбөгөндөй бактылуу болгонбуз. Ошондой эле медаль, үй тиричилик буюмдарын, мал жандыгын, акчалай белектерди жана ардак баракчаларды көп алдык. Менин сүрөтүм Москва шаарынын Элдик айыл чарба жетишкендиктеринин тактасында илинип турчу. Азыр да ошол талыкпаган эмгектердин үзүрүн көрүп, уул-кыздын чайын ичип, небере-чөбөрөбүздү көрүп бактылуубуз.

Азыркы жаштарга айтарым, билим алгыла, эмгектенгиле. Адам баласы талыкпай эмгектенсе, өз кесибинен тереӊ билим алса жана түз жүрсө, ал эч убакта кордук көрбөйт. Оор жумуштан, кыйынчылыктан качпагыла. Анын артында бактылуу күндөр бар. Жаш үй-бүлөлөр үй-бүлөлүк асыл баалуулуктарды сактап, ынтымакты чыӊап, биримдикте жашагыла. Ажырашуу болбосун», - деди ал.

Ал эми жубайлардын жалгыз уулу Алмаз Матказиев буларга токтолду.

«Ал убакта бир гана район боюнча эмес, облус боюнча «Волга» унаасы жокко эсе болчу. Аны атам айдачу эмес, айдоочусу бар болчу. Совхоздо тытынып иштегени менен «Волгага» отурганда министрлердей жүрчү. Унаасын да бир кол менен жакшы каратчу. «Волга» менен жүргөн киши барктуу болчу. Мисалы, милиция кызматкерлери тосчу эмес. Мен 9-классымда айыл ичинде айдап жүрдүм. 11-классты аяктаганда айдоочулук күбөлүк алып айдадым. Андан соӊ армияга кеткенде жездемдер айдап жүрүштү. Армиядан келгенден кийин өзүм айдадым. Атам болсо такыр айдаган жок. Ал киши ат мингенди жакшы көрчү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×