Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Нарын облусу, Нарын 15.11.2019 14:00

Нарындагы товарын уурдагандарга жаза берген дүкөнчү же колундагы баштыгын таштап качкан аял

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук базарындагы дүкөндөрдүн биринде илинген «Уурулардын тактасы» боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Буга чейин тургундар аталган тактаны талкууга алышып, анда аял менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сүрөтү илинбеши керектигин айтышкан.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2019-жылдын 6-ноябрь күнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө Нарын шаарынын борбордук базарындагы «Раяна» аттуу дүкөндө тактада бир аял киши менен бир жашы жете элек өспүрүмдүн сүрөтү илинип турат деген билдирүү келип түшкөн. Ошол замат эле тиешелүү кызматкерлер базарга барып, сатуучу адам менен жолугуп сүйлөшкөн. Сатуучунун милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө, ошол күндөн 10 күн мурун сүрөттөгү аял баласы менен соода кылганы кирип, 700 сомго чукул акчанын буюмдарын алып, аталган аял баласына «мен эсептешип коём» деп сыртка биринчи чыгарып жиберип, андан соң өзү качып кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда аны сатуучу кармап калган. Аял коркуп кетип, колундагы баштыгын таштап салып качып жөнөгөн.

«Бул дүкөндүн ээси, 42 жаштагы У.Ж. Нарын ШИИБге кайрылбастан өзү эле "Уурулардын тактасы " деген жазуусу бар такта илип, видеокөзөмөлгө түшүп калган аял жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сүрөтүн илип койгон. Ал милиция кызматкерлери барган күнү уурулук фактысы боюнча арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми тактага илинген сүрөттөр боюнча да эч ким арыз менен кайрылган эмес», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бүгүнкү күндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан бул тактадагы сүрөт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми дүкөндүн ээси Улан Жумабаев аталган адамдарды милицияга кармап алып барсаң, тиешелүү чара көрүлбөйт деген ойдо.

«Мен ошол эле базарда турган милициянын пунктуна бир канча ирет кайрылгам. Ууруларды кармап алып баргам. Көбү жаш балдар жана аялдар. Кээ бирлери 50 сомдук, айрымдары 100-200-500 сомдук оокаттарды урдашат. Кийимдерине салып катып чыгышат. Мен видеокамерадан карап эле дароо кармайм. Көп ууруларды кармап, «милиция кызматкерин чакырам» десем, «жок чакырба» деп кечирим сурап, ошол жерден алган буюмун таштап же сатып алып кетишет. Арыз жазсаң, аймактык милиция кызматкерлери суракка алышат, «эмне уурдадың бер» деп кайра кетирип жиберишет. Алар да чара көрүшпөйт окшойт. Мага эми ууруну кармап бергеним үчүн айып салынабы?

Сүрөттөрдү келсе уялып калышабы деген ойдо илгем. Мында апасы уулу менен келип уурдап жатпайбы. Баласына үлгү көрсөтүп жатат. Камерадан көрсөтүп берем, видеосу сакталуу. Апасы, андан соң баласы буюмдарды салышты. «Төлөбөйсүңөрбү» десем, апасы баштыкты таштап качып кетти. Андан кийин баласы аркасынан качты.

Өткөндө бир бала кармалды. Ата-энеси жок, жардамга муктаж бала экен. Анан «кайсы жерде иштейсиң?» десем, «унаа жууп иштейм» деди. Ошондо «уурулук жакшы сапат эмес, жумушуң бүткөндө мага кайрылып айтып тур. Бүгүн мынча сом таптым деп отчет берип турсаң, мен сага каралашып кошумча каржы берип турам» деп айтып кетиргем. Күндө жумушунан соң келип, мынча сом таптым деп айтып турчу. Мен болсо күндө 50-100 сомдон берип койчумун. Өзү №87 лицейде окучу. Кийин «жүк ташыганга жумушчу керек» десем менде да иштеп жүрдү. Жашы 18 жаштан өткөн бала болчу. Жардам берип, ал баланын аң-сезимин оңдодум. Ал бала азыркыга чейин келип турат. Дайыма кеңеш берип, билим ал деп айтып турам.

Андан башка аял кишилер көп уурдашат. Аларды айтсаң, беттен алып, алган жокмун деп ажылдашат. Андан кийин камерадагы тасманы көрсөтсөм, билбей калыптырмын деп акчасын берет. «Мен албайм, жөн эле коюңуз» деп кала берем. Өткөндө органдагылар чакырып, түшүнүк алышкан. Тактаны чынында билбей илип алыптырмын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×