Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 15.11.2019 11:49

Ак-Буура дарыясына аккан саркынды суулар. Канализация маселесин ким чечет? Видео

Turmush -  Социалдык тармактарга Ош шаарындагы Х.Иминов жана Водозаборный көчөсүндөгү үйлөрдөн чыккан саркынды суулар Ак-Буура дарыясына агып жаткан видео жарыяланган. Аталган көчөнүн жашоочулары аймактык кабарчыга канализация системасынын жоктугунан айла жок саркынды сууларды дарыяга агызып жатышканын билдиришти.

Алар бул маселе боюнча бир нече жолу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылышканын кошумчалашты.

«Аталган көчөдө жашаган тургундардын көпчүлүгү өздөрүнүн үйлөрүнө убактылуу саркынды суулар агуучу чуңкур (септик) каздырышкан. Ал эми чуңкур каздыра электер саркынды сууларды Ак-Буура дарыясына агызып жиберишет. Алар суу түтүктөрүн көчөдөгү арыкка чыгарып коюшкан. Акыркы учурларда көчөдөн өтүү кыйын болууда, себеби саркынды суу адам чыдагыс болуп жыттанып кетет. Бул жаш балдарыбызга жана өзүбүздүн ден соолугубузга зыян. Мындан сырткары тооктор ооруп, өлүп жатышат. Эгерде шаар бийлиги жардам берип, канализация маселесин чечүүгө киришсе, биз да четте турбай, колдоо көрсөтүп, жардам беребиз», - дейт Гүлжан Каримова.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспектору Асанбек Мамраимовдун айтымында, жашоочулар Ак-Буура дарыясына саркынды сууларын агызса, анда Бузуулар жөнүндө кодексинин 169-беренесинин (Сууларды булгануудан жана таштандылардан коргоо боюнча талаптарды бузуу) негизинде 10 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып пул салынат.

«Чындыгында Туран, Достук аймактык кеңешинде канализация жок болгондуктан ар бир үйгө кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйлөрүнө убактылуу септик курууну айтканбыз. Эгер септик каздырбай, саркынды сууларды дарыяга агызып жаткан жеринен кармалып калышса, мыйзам чегинде үй ээсине айып пул салынат. Буга чейин шаар бийлигине канализация маселеси боюнча кайрылганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыкпай келет», - деди Асан Мамраимов.

«Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын башкы инженеринин орун басары, Саркынды суу бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Сыдыков мэрия тарабынан канализация курулуп берилгенден кийин канализация системасы «Ош шаар суу каналга» толук өткөрүлүп берилерин билдирди. Ошондон кийин гана канализация маселесине «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасы жооптуу болот.

«Ош шаарындагы Х.Иминов жана Водозаборный көчөсүндөгү жашоочулар бизге канализация куруу боюнча кайрылышканын уга элекмин. Ал үчүн канализация түтүктөрүн Ак-Бууранын сол тарабынан оң тарабына алып өткөрүш керек. Өтө чоң инженердик иш зарыл. Мындай көйгөйлөр Достук, Туран аймактык кеңештеринде жана Черемушка кичи районунда бар. Аларга атайын уруксат бериле элек. Анткени шаардын четиндеги саркынды сууларды топтоочу жай учурда оңдолууда. Ушу тапта шаардан чыккан 60 миң куб саркынды сууларды батырып жатабыз. Шаар кеңейип жатат. Саркынды сууларды топтоочу жайды да кеңейтишибиз керек», - деди Жеңишбек Сыдыков.

Эки көчө Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык кеңешине карайт. Аталган аймактык кеңештин башчысы Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, канализацияга сарпталган каражаттын 60-70 пайызын жашоочулар топтосо, калган акча шаар бийлиги тарабынан бөлүнүп, канализация маселеси чечилмек.

«Бир нече ай мурда Х.Иминов жана Водозаборный көчөлөрүнөн чыккан саркынды суулардын дарыяга агып жатканы боюнча рейд жүргөн. Көпчүлүк үй ээлерине 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, протоколдор түзүлгөн. Саркынды суу агызган жашоочулардын суу түтүктөрү жабылып, аларга убактылуу септик куруу боюнча эскертүүлөр берилген», - деди С.Жунусбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×