Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 17.11.2019 14:00 На русском

Погончон айым: Күндө 5 км чуркаган Сабина «Азамат» медалын тагынды

Turmush -  Күндө 5 чакырым аралыкка чуркап, сергек жашоого машыккан погончон айым, 3-даражадагы «Азамат» медалынын ээси Сабина Акмулдаева Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 29 жаштагы тургуну. Ал Москва РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдык тобунун улук инспектору, милициянын ага лейтенанты. Балалык кезинде ата-энеси «Умница» деп эркелеткен погончон айымдын жашоосу, өз кесибин сүйгөндүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1990-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Атасы Марат милициянын полковниги, апасы Даметкүл дарыгер.

«Балалыгым шаарда өттү. Бала бакчага барып, андан тарбия алдым. Кадимки эле кыргыз кыздарындай ата-энемдин мээримине бөлөнүп жетилдим. Бош убактысында кичинекей колдоруман кармай атам мени дайыма жетелеп, шаардын кооз жерлерин көрсөтөр эле. Ошондо өзүмчө сыймыктана баскан күндөрүм али да эсимден кете элек. Анын жарашыктуу, элден өзгөчө кийимине суктана менин да келечекте милиция болуу кыялдарым бүчүр ала баштаган. Атам жумушуна эрте кетип, кеч келчү. Кандай жумуш аткарып жүргөнү мени кызыктырчу деле эмес. Ата-энем "Умница" деп эркелеткенде ого бетер акылдуу көрүнүп, атамдын кызыл шапкесин кийип, солдаттардай басып калар элем. Каткырып күлүшүп, үйүбүз күлкүгө толуп кетчү. Өзгөчө апам Даметкүл дарыгер болгондон уламбы, же мени өтө жакшы көргөндөнбү, айтор ар убак жанынан чыгарбай саамай чачтарымдан сылап эркелете берчү. Мен да аны бетинен сүйүп, кубанычка бөлөчүмүн. Азыр да ошондой кыялдамын. 4 жаштагы Султан уулумду ээрчитип ата-энеме барганда алардын бетинен сүймөйүнчө сагынычым таркабайт. Балалык кезде менде милиция деген гана түшүнүк жашаган. Анын функционалдык, профессионалдык милдеттери татаал, ары жооптуу экенин эми гана өзүм ички иштер кызматында иштеген күндөрүмдө ачыкталып отурбайбы. Тартип сакчысы, элдин коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жумуштарында күн-түн кезип жүргөн атамды азыр кадимкидей аяп кетем. Ата кесибин чын дилимден аркаласам деген оюм тоодой бийик, деңиздей терең. Ушундай ойлор балалык, окуучулук күндөрүмдө эле башталып, бүгүнкү күндө тамыр жайып отурат. Шаардагы №25 орто мектептин орус классын артыкчылык аттестат менен аяктадым. Окуучулук күндөр өзгөчө учур экен. Көбүнчө балдар менен маек курганды жактырчумун. Кадимкидей алардын иштерине да аралаша кетет элем. Балдар кээде менин айтканыма макул болушчу. Азыр ойлосом күлкүм келет. Көрсө, кыз бала дешип мени сыйлашчу тура. Балдар менен тең жарыша чуркап, спорт, маданий, коомдук иштерге активдүү катышып, жакшы окучумун. Ошондон уламбы курбу кыздардын да сыймыгына ээ элем. Азыр да күндө 5 чакырым аралыкка күндө чуркап келем. Негедир чуркоо менин жашоомо айланды. Кадимкидей эс алып, жумуш күндөрүндө сергек жүрөм. Баса, балдар музыкалык-искусство мектебинин фортепиано классынан да билим алдым. Жумуштан чарчаган учурларда, музыка угуп, кээде өзүм фортепианодо кол ойнотуп, жан дүйнөмдү сергитип алам», - деди ал.

Билим алууну бийик максатка койгон погончон айым Сабина Акмулдаева Бишкектеги Эл аралык башкаруу укук каржы жана бизнес академиясынын каржы жана кредит, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика факультеттерин жана милициянын генерал майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясын артыкчылык дипломдор менен аяктаган.

«Билим — адам баласынын жашоосунда эң зарыл акыл азыгы. Эгер унаа майсыз жүрбөгөн сыяктуу эле, адамда билим болуусу керек. Акыл — билимдердин уюткусу. Ушул жактарга көп көңүл буруу менен Москва РИИБдин кадрлар жана кесиптик тобунун өздүк курамын кесипкөй адистер менен камсыздоого басым жасайбыз. Биздин өздүк курам учурда өз ишин билген адистер менен камсыздалган. Жогорку окуу жайларда окуп жүргөндө эле кадр маселесине кызыкканмын. Дипломдук ишим да ушул багытта жакталган. Бирок, баарын өздөштүрдүм деген ойдон алысмын. Теориялык билимди практикада чыңдоо керек тура. Турмуш өзү эле керектүү адистик даярдыгыңдын чен бирдигин аныктап, тажрыйба топтоого багыт алдырат экен. Кудайга шүгүр. Мектеп партасынан башталган артыкчылык аттестат жогорку окуу жайларда коштолгон артыкчылык дипломдорду ээрчитип келди. Бул менин бир ишти баштаганда аягына чейин көгөрүп отуруп бүтүрүү өжөрлүгүмдүн да натыйжасы болсо керек», - деди С.Акмулдаева.

Теннис, шахмат оюндарында ийгиликтерди жараткан, фортепианодо кол ойнотуп, классикалык чыгармаларды тартуулаган милициянын ага лейтенанты Сабина Акмулдаева 1-ноябрь — Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамында ИИМдин 3 -даражадагы «Азамат» медалын тагынды. Аны Москва РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уран Шамбетов тагып жатып, ийгилик каалады.

Жайыл, Сокулук райондорунун ички иштер кызматында иштеген жылдарында кадрлар жана кесиптик даярдоо тобундагы кызмат абалы басымдуулук кылат. Өзү да «Келечек максаттарым ушул багыт менен барат. Кадр жана кесиптик даярдоого бүткүл аракетимди жумшайм. Кесипкөй кадр, дасыккан адис болгон жерде кылмыштуулук мыйзам талаасында чечилип, жарандардын коопсуздугу үчүн толук шарттар түзүлөт», - дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×