Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 17.11.2019 22:30 На русском

Жумгалдык Айгүл жеӊе жолдошунун берген белегин унутпайт

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну Айгүл Теңирбергенова келиндик доорундагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал Нарын облусунун Жумгал районунда 1975-жылы 20-ноябрда төрөлгөн.

«Кызыл-Жылдыз айылында төрөлүп, балалыгым мурунку Миң-Куш шаарчасында өттү. Атамдын жумушуна байланыштуу ушул жерге көчүп барганбыз. Мектепти аяктагандан кийин 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетке тапшырып, аны 1996-жылы аяктагам. Андан соӊ Миӊ-Куш шаарчасындагы өзүм окуп бүткөн мектепке мугалим болуп жумушка орноштум. Өзүӊөр билгендей, ал кезде завод-фабриканын көбү жабылып, эл жумушсуз калган. Мугалим менен дарыгердин эле жумушу бар болчу. Ошондо «бир үйгө бир иштеген келин керек» деген сөз чыккан. Чынында ошондой заман болгон. Дал ушундай маалда өзүмдүн классташ кызым байкеси менен тааныштырып, бир жуманын ичинде эле алып кетишти. Ошондо 1997-жылы болчу. Кудайга шүгүр, 22 жыл өттү. Жолдошум экөөбүз жашоонун ысык-суугуна бирдей чыдап, бирге түтүн булатып келе жатабыз. 2004-жылы Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ивановка айылына көчүп келдик», - деди ал.

Мугалим жолдошунун белектеринин ичинен атасы тартылган сүрөт эсинде калганын айтат.

«Жолдошумдун белектери көп. Анын үстүндө өзү сүрөтчү. Бир жолу өзүмдүн атамдын 60 жылдык мааракесине даярданып жатсак, атамдын сүрөтүн тартып, мага белекке берди. Ошол сүрөтүн айылга алып барып илип койгонбуз. Дагы деле турат. Чынында абдан окшош кылып тарткан.

Жаңы келин болуп келгенде кайын журтка эптеп жагайын деп тамактарды жасап аракет кылчумун. Негизи ал экзамендерден жакшы эле өттүм окшойт. Бирок бир жолу жасаган тамагым эч кимге жакпай калган. Өзүм көлдө окуп, Караколдун ашлянфусун жасап үйрөнгөн болчумун. Анан ашлянфу жасап берейин деп, крахмал уютуп, ачуу кылып жасадым. Үйдөгүлөр мурда жебесе керек да «бул эмне деген муздак тамак, анан калса ачуу экен» деп жактырышкан жок. Баягы куудул Күмөндөрдүн ашлянфу жөнүндө айтканындай эле болду. Дагы бир окуя эсимен кетпейт. Бир күнү чай ичип отуруп сөздөн сөз чыгып бирөөнүн атын үйдөгүлөр таппай калышты. Мен болсо эстей коюп, эч нерсени ойлонбой туруп «балп» эткизип эле айтып салсам, баары бир азга токтоп калышты да, анан каткырып жиберишти. Көрсө байкабай кайын атамдын атына окшош ысымды айтып салган экем. Көпкө уялып жүрдүм», - деди ал.

Каарманыбыз бош убактысында төшөк кураганды жакшы көрөт.

«Кыш башталганда түймө түйүп, үйдөгүлөрдү байпак менен камсыздайм. Кээде кошуналар туулган күнгө чакырып калганда байпагымды көтөрүп бара калам.

Келечекте максаттарым, уул-кызыма турмушта өз ордун тапканга жардам берип, миң жылдык кудалардан күтсөм дейм. Балдарым, кыздарым бактылуу болушса дейт элем. Бардык эле энелердин тилеги бир болуш керек. Мен дагы балдарымдын аманчылыгын тилейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×