Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Талас облусуТалас району 14.11.2019 16:23

Айыл турмушу: Ф.Ашыралиев бир нече жылдан бери жаратылыш сакчысы болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Беш-Таш айылынын 44 жаштагы тургуну Фархад Ашыралиев бир нече жылдан бери жаратылыш сакчысы болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, кесиби боюнча агроном жана юрист.

«Менин эмгек жолум 1998-жылы башталды. Бишкек шаарында жеке фирмада юрист болуп эмгектендим. 2006-жылы айылга көчүп келип, бир топ жыл мектепте завуч болдум. Анан жергиликтүү кеңешке төрага, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Калба айылында айыл өкмөт башчы болуп иштедим. 2017-жылдан бери Талас облустук экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жерди мыйзамдуу пайдалануу боюнча улук инспектору болуп иштейм. Биз бул жерде кен байлыктар чыккан жерлер, жерди мыйзамдуу пайдаланууну көзөмөлдөйбүз. Бизге көбүнчө кошуналар арасында арыздар көп түшөт.

Бир жолу бизге Талас районунан бир жарандан арыз түштү. Арызда кошунасы өзүнүн жеринен башка ашыкча жерди ээлеп алган деп жазды. Биз териштирип баштаганда эртеси күнү арызда көрсөтүлгөн кошунасы келип, арыз жазган адамдын үстүнөн жазып кетти. Биз биринчи мындай учурда өз ара келишип, элдешүүгө чакырабыз. Булар бири-бирине эрегишип туруп алышты. Биз акт түзүп, жеринен текшергенибизде экөөнүн тең жери ашыкча болуп чыкты. Көрсө мурун жол болгон жерди эки кошуна тең ээлеп отурушкан экен. Экөө тең аны угуп, «биз элдештик» деп кайра келишкен эле. Биз материалды толук чогултуп, ишин сотко өткөрүп, мыйзамсыз ээленип калган жерди мамлекетке алып бергенбиз. Негизи мындай көрүнүштөр көп болот. Айрыкча кошуналар бири-бири менен уруша кетип, арыз жазган учурлар көп. Талас шаарында базарда жеримди ээлеп алды деп арыз жазып, анын айынан биздин көзүбүзчө чачташкан аялдарды да көрүп калдык. Бизге «бир тараптуу чечип койдуңар» деп айтышкан да учурлар болду. Биз мыйзамды түшүндүрүп, укуктарын айтып, документтерин тууралаган соң кайра ыраазычылыктарын айтып келишет.

Акыркы жылдары жайыт жерлерине мыйзамсыз курулган кашарлардын саны көп. Эч кандай кагазы жок, мал үчүн кашар салып жайгашып алышкан. Атайы мөөнөт берилип, бошотуу талап кылынганда өкүнүп калышат.

Жумушта кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо максатында рейддерге чыгабыз. 2017-жылы Беш-Таш капчыгайынан чалуу түштү. «Ушул жакта 2 унаа менен менен келген адамдар көк чаар балык кармап жүрүшөт» деп айтышты. Биз шыр эле реакция кылып, капчыгайга бардык. Ал жактан айланып карап жаттык. Жайдын күнү болгондуктан издери түшкөн эмес. Артка кайтып калганыбызда жолдон бир аксакалга жолугуп калдык. Ал унаа көргөнүн айтты. Биз ал көрсөткөн жол менен барып браконьерлерди колго түшүргөнбүз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле чыгармачылык менен алектене тургандыгын айтты.

«Жумуштан бош убагымда чыгармачылык, спорт менен алектенем. Ыр жазам. Бүгүнкү күнгө чейин чогулткан ырларым бир китеп болоюн деп калды. Баары барып эле каражат маселесине такалат эмеспи. Кийинчерээк ыр жыйнагымды чыгарсам дейм. Жубайым мени бардык жактан колдойт. 4 уулум тең «аскер кызматкери болобуз, форма киебиз» дешет. 2 кызым болсо медицина кызматкерлери болгусу келет. Ушул балдарыбызды татыктуу өстүрүп, жашоодо өз ордуларына коюп, кыялындагы кесиптин ээлери болсо дейбиз», - деди Фархад мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×