Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.11.2019 15:16 Жаңыланды: 14.11.2019 18:06 На русском

Сүрөт — Аксыдагы авариялык абалдагы жалгыз жатак мектеп-лицейи

Turmush -  Аксы районунда Ж.Мавлянов атындагы инновациялык жатак мектеп-лицейинин бир нече имараттары авариялык абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жатак мектеп-лицейинин ашканасы, мончосу жана 161 окуучу жашаган жатаканасынын 3-кабаты жарактан чыгып, 2015-жылы ӨКМ тарабынан авариялык абалда деген корутунду чыгарылган.

«Мектеп 1956-жылы интернаттын базасында ачылып, 1957-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми 340 балага ылайыкташкан эки имараттан турган жатакана 1958-жылы курулган. Ошол жылдары мектепте жайлоого чыккан малчылардын балдары окутулган. 1992-жылы катуу жер титирөөдөн улам лицейдин жатаканасынын үчүнчү кабаты, ашкана жана мончодо жаракалар пайда болгон. Убакыт өткөн сайын жатакананын имаратынын эскилиги жетип, чатырынын шиферлери сынып, суу өтүп баштаган.

2014-жылы ӨКМ тарабынан мончо менен ашкананын имараты, ал эми 2015-жылы жатакананын үчүнчү кабаты авариялык абалда деген токтом чыккан. Ошол жылдардан бери Билим берүү жана илим министрлигине, эл өкүлдөрүнө кат жөнөтүп келебиз. Бирок каражат жок деген гана жоопту угуп жатабыз. 2018-жылы министрликке кат жолдоп, мончо менен жатакананын чатырын алмаштыруунун жалпы чыгымын эсептеп, долбоорун даярдап жөнөткөнбүз. Биздин эсеп боюнча аталган эки имаратты оңдоо үчүн 1 млн 772 миң сом керек.

Ушул жылдын 27-сентябрында жаңыдан кызматка дайындалган министр Каныбек Исаковго да кат жолдодук, азырынча жообу келе элек. Авариялык абалда болгондуктан окуучуларды кабыл албай коёлу десек, бул аймактагы жалгыз жатак мектеп болуп эсептелинет», - деди мектептин директору Айжан Чилетова.

Жатак мектепте учурда 845 окуучуга 65 мугалим сабак берет. Окуучулардын 4 маал тамактануусу үчүн мамлекет тараптан күн сайын ар бир окуучуга 60 сомдон бөлүнгөн. Жалпы окуучулардын ичинен 161 окуучу лицейдин жатаканасында жатып билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×