Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 14.11.2019 13:23

Таласта жоголуп кеткен бир туугандар табылды

Turmush -  11-ноябрда Кара-Буура районун Чолпонбай айылынан жоголгон 13 жана 10 жаштагы бир туугандар кечээ, 13-ноябрда табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда Чолпонбай айылынын 1986-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2 баласы 1 суткадан бери дайынсыз экендигин билдирген. Окуяны териштирүү максатында ыкчам тергөө тобу чыккан. Текшерүү учурунда балдар торпок жайганы кетип кайра үйгө кайтып келбегендиги такталды. Ата-энеси 1 сутка өздөрү издеп таппай, андан кийин гана милицияга кабар берген. Кароо иштери жүргүзүлгөн соң атайын издөө иштери үчүн милиция кызматкерлеринен турган топ түзүлгөн. Бардык милиция түзүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында жоголгон балдар 13-ноябрь күнү Талас шаарынан табылып, саат 19:00 чамасында ата-энесине аман-эсен тапшырылды. Алар табылганга чейин Кара-Буура РИИБдин, Талас ОИИБдин, кайгуул күзөтүнүн кызматкерлери 1 сутка тынбай бардык шектүү жерлерди жана коомдук жайларды, кароосуз калган имараттарды тинтип чыгышкан.

Учурда балдардын Талас шаарына чейин кантип келип калгандыгы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×