Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.11.2019 20:04

Ак-Талаанын эки айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы суралды

Turmush -  Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев Үгүт жана Байгөнчөк айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 12-ноябрда район жетекчиси С.Кулубаев аталган 2 айылда айыл өкмөттүн бир жылдык маалыматын угуу, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, айылдагы мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу жана социалдык жардамга муктаж, кары-картаң, жалгыз бой адамдардын жашоо-турмушу менен таанышуу максатында иш сапары менен болду. Аким бала бакча, мектептин иши менен таанышкан соң, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү кыдырып, анда төшөктө жаткан айыл тургуну Сатынбек Жолдошовго 1 тонна көмүр түшүрүп берүүгө убада берди. Андан соң, айыл өкмөттүн жыйындар залында Үгүт айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Жолугушууда, айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов 1 жылда аткарган иштери туурасында баяндама жасады. Андан соң жарыш сөзгө чыккан жашоочулар жаңы конуштагы турак жайларына документ ала албай, анын кесепетинен турак жайларын камсыздандыруудан өткөрүүдө жана насыя алууда бир катар кыйынчылыктар жаралгандыгын, айылда аймактык милиция жок коомдук тартип бузуулары болуп жаткандыгын, электриктин жоктугунан электр авариялары болгон учурда жарыксыз калып жатышкандыгын, ошондой эле электр энергияга 50-100 сом карыз болсо эле электр жарыгын кыркып кетип, кайра коштурууга 254 сом акы алышарын айтып чыгышты.

Бул айтылган көйгөйлөр боюнча мекеме-ишкана жетекчилери тиешелүү жоопторун узатышты. Андан сырткары, Үгүт айыл өкмөтүнө караштуу Байгөнчөк айылында эл менен жолугушуу өтүп, байгөнчөктүктөр айылда таза суу жетиштүү деңгээлде чыкпастыгын жана айылдык клубду оңдоп-түздөөдөн өткөрүп берүүнү суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×