Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.11.2019 10:12

Кайын журтунун жүрөгүн түшүргөн келинди жолдошу 3 жыл издеген

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Мамытова Айнура Куттубековна. Аны менен аймактык кабарчы таанышып, кызыктуу окуяларын укту.

А.Мамытова 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Шаар айылында төрөлгөн.

«Ушул айылдагы Т.Салыкбаев атындагы орто мектебинде 9-класска чейин окуп, андан кийин Ананьев айылындагы мектепте окуумду уланткам. Ал жерде мектептин президенти болчумун, активист да элем. Окуумду ийгиликтүү аяктап алгандан кийин мен дагы башкалардай болуп шаарга чоң окуу жайга жөнөдүм. Ошентип К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырдым», - деди ал.

Каарманыбыз классташ кызынын агасына турмушка чыккан.

«Жолдошум өзүмдүн эле айылдашым болот. Айылда жүргөндө кээде телефон менен сүйлөшүп калчубуз. Ал мага сыртыман көз салып жүргөн экен. Кийин телефон номурумду алмаштырып салгам. Ошол бойдон сүйлөшпөй калганбыз. Кийин студент болгондо кайрадан жаӊы номурумду таап алыптыр. Кайра сүйлөшө баштадык. Ошентип бир жыл сүйлөшкөндөн кийин мага баш кошуу тууралуу сунушун киргизди. Мен дароо каршы болдум. Себеби, окушум керек болчу. Ошентип башка дарекке көчүп, телефон номурумду кайра алмаштырып салдым. Арадан бир жыл өттү. Ал ушул бир жыл ичинде мени издептир. Бир жылдан соӊ жашап жаткан жеримди таап, достору менен келди. Анан кафеге алып барып, ошол жерден кайра колумду сурады. «Мен окуумду аяктайын» десем, «жок мен үйлөнүшүм керек» деп өзүнүкүн бербейт. «Анда мен кеттим» деп чыгып баратсам, достору тороп чыгарбай койду. Ошентип жолдошумдун сунушун четке кага албай, макул болуп кете бердим. Ошентип шаардан айылга келе жатканда мага апам телефон чалып, «каяктасың?» деди. Мен жалган айта албай, болгонун болгондой айтып салдым. Апам болсо Тоӊ районунун Кара-Шаар айылындагы туугандарыбызга айтып коюптур. Алар жолду тороп, тосуп алышыптыр. Бирок, аларга жете электе мени башка автоунаага салып кетишти. Ошентип үйгө жеттик. Кайра алып кетип калышпаса экен деп, кайын журтум коркуп таӊ аткыча кайтарып отурушту. Ошол учур ушул күндөй көз алдымда. Эч унута албайм. Жолдошум артыман 3 жыл «кубалаптыр» (күлүп). Мына эми экөөбүз баш кошуп, 11 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. Жашоонун ысык-суугун бирдей көрүп, бир уул, үч кызды тарбиялап келебиз. Мен бактылуумун десем болот», - деди ал.

Айнура жеӊенин жаӊы келин болуп келгендеги бир окуясы эсинен кетпейт.

«Жаӊы келин болуп келгенде менде көп деле кыйынчылык болгон жок. Себеби жолдошумдун карындашы менин классташым болчу. Ата-энесинин үйүнө барып турчумун. Бир окуя эсимде. Ичимдеги бала 8 ай болуп калган. Чай берейин деп отургучтун кырына отуруп алган окшойм, чалкамдан түшүп жерге кулап кеттим. Дасторкондо кайын журтум отурган, аябай уялганымды сурабаӊыз. Кайын эне, кайын атамдын жүрөктөрү түшүп, чуркап келип, мени тургузушуп, «жакшы элесиӊби» деп кечке сарсанаа болушкан. Мен болсо уялганымдан көпкө жаман болуп жүрдүм.

Мектепке мугалим болуп кирсемби деп сүйлөшүп жатабыз. Бул максаттарыбыз ишке ашып калса, экинчи окууга тапшырайын деп ниеттенүүдөмүн. Айылда өзүӊөр билгендей оокат бүтпөйт. Ошону менен алекпиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×