Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.11.2019 19:49

Жалал-Абаддын окуучулары эл аралык олимпиадада 32 медаль утушту

Turmush -  Жалал-Абад облусунун окуучулары Түркияда өткөн XI эл аралык предметтик олимпиададан 32 медалга ээ болушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, олимпиадада 16 мамлекеттен келген 62 команда күч сынашты.

«Эл аралык предметтик олимпиада 27-октябрда Түркиянын Анталья шаарында башталган. Ага биздин мектептин 10 окуучусу жана Сузак районундагы «Альфауз» мектебинен 1 окуучу катышып, аларды бир мугалим жетектеп барды. Жалпысынан бул сынакка Кыргызстандан 5 команда катышты. Биздин окуучулар 6 предмет боюнча күч сынашты.

Мындан сырткары, олимпиаданын башталышында болгон парадда окуучулар улуттук кийимдерди даңазалап, бул сынактан баш байгени алышты.

Олипиадага катышуу үчүн ар бир окуучуга 1000 доллардай акча жумшалды, аны ата-энелер каржылашты. Жыйынтыгында биздин окуучулар 32 медалга ээ болушуп, Москва шаарында өтчү эл аралык олимпиадага жолдонмо алышты», - деди №1 М.Бабкин атындагы мектептин директору Дамира Касымбекова.

Жалал-Абадда алгачкы жолу окуучулардан куралган команда эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×