Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.12.2019 21:41

Жеңеке: Элдин алкоосуна татыган эмчи айым Махабат

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын 27 жаштагы тургуну Махабат Эсенбек кызы. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча эмчи айым. 2015-жылы турмушка чыккан.

«Жолдошум Тойчубек Сарыкеев кесиби боюнча электр кызматкери. Бирге түтүн булатып жатканыбызга 4 жыл болду. Айылдагы үлгүлүү үй-бүлөгө келин болуп келдим. Кайын ата жана кайын энем түшүнүктүү кишилер, мени өз кызындай кабыл алышты. Мен дагы ушул эле айылдын кызы болгондуктан жеңил болду», - дейт ал.

Анын айтымында, айылдагы ооруканада эмчи айым болуп иштейт.

«Бир күнү атам сыркоолоп калды. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, дарылануусун үйдө улантты. Мен эмчи айым болгондуктан ийнесин үйдөн сайып бермекмин. Ийне саям деп кан тамырын таппай, кыжаалат болгонум эсимде. Айылдагы ооруканада эмчи болуп иштеп жүрүп, элдин алкоосуна татыдым», - дейт бир уулдун апасы Махабат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×