Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 11.11.2019 16:44 На русском

Кара-Сууда эгиздер бир күндө үйлөнүштү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда эгиздер үйлөнүү үлпөт тойлорун бир күндө өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эгиздер Акназар менен Бекназар кечээ, 10-ноябрда үйлөнүштү. Алар 1993-жылы Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман айылында туулушкан. Бала кезден бери бир күндө той өткөрөбүз деп кыялданып келишкен.

Бекназар Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын 20 жаштагы, Акназар Баш-Булак айылынын 24 жаштагы тургундарына баш кошушту. Эгиздердин тою бир тойканада өттү.

«Бала кезден эле эгиз кыздарга баш кошобуз деп жүрчүбүз. Бирок убакыт өтүп өзүбүз жакшы көргөн кыздарга үйлөнүүнү туура көрдүк. Өкүл ата, өкүл апаны да өз-өзүнчө шайладык. Көбү бир эле адамды өкүл ата кылып шайласаңар болмок деген ойлорун айтышты. Акназар менден эртерээк төрөлгөндүктөн кыргыздын салты боюнча анын аялын жеңе дейм. Эң кызыгы Акназар менен бир класста окугандыктан, досторубуз да кудалардын үйүнө экиге бөлүнүп барышты. Тойканада да туугандарыбыз, досторубуз экиге бөлүнүп отурушту. Ата-энемдин кубанычында чек жок. Анткени бир убакта эки келиндүү, эки кудалуу болуп отурат», - деди Бекназар Абдыкасымов.

Акназар менен Бекназар үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Буга чейин Turmush басылмасы эгиздер тууралуу жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×