Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.11.2019 11:00 На русском

Жаштардын шаардын четиндеги эс алуусу 18 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында 18 жаштагы кыз кудуктагы сууга түшүп кетип каза болду. Бул маалыматты Жала-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 9-ноябрында саат 01:30 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардын четинде жайгашкан, СССР убагында курулуп бүтпөй калган тереңдиги болжол менен 7-8 метрди түзгөн кудуктагы сууга жаш кыз түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ШИИБдин тергөө ыкчам тобу жана ӨКМдин кызматкерлери барышкан. Кызды куткаруу үчүн кудукка түшкөн Э.уулу Н. аттуу жигитке жип ыргытышып, аны аман алып калышкан. Ал эми кыз сууга чөгүп кеткен. Кийинчерээк ал 2001-жылы төрөлгөн А.Т. аттуу кыз экендиги аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, бул жерге 2 жигит жана 2 кыз эс алууга келишкен. Кыз шериги менен дааратканага бара жатканда, караңгы болгондуктан чалынып кетип, кудукка түшүп кеткен. Ага жардам берүү үчүн жигиттердин бири кудукка түшүп, бирок кызды куткара албай калган. Ошол кезде ШИИБдин жана ӨКМдин кызматкерлери келип, баланы жип менен тартып алышкан. Ал суу көп жутуп алгандыктан көгөрүп, тоңуп баштаган.

Каза болгон кыздын туугандары тарабынан милицияга арыз түшкөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×