Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусуТалас району 11.11.2019 10:35 На русском

«Ишим жүрүшө баштаганда эч нерсем жок калган»: Трактор жана дыйканчылык менен миллионер болгон Б.Акешов (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 48 жаштагы тургуну Бакир Акешов айылда дыйканчылык менен алектенип ийгиликке жеткендердин бири. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинен эле айыл чарба техникаларын иштеткенди үйрөнгөн.

«5-классымдан бери трактор айдайм. Аны атам жанына алып жүрүп үйрөткөн. Аккордеон, комуз черткенди дагы атамдан үйрөнгөм. Музыканы дагы жакшы көрөм. Жашырагымда атам мугалим болуп иштеп, айлыгы бизди бакканга жетчү эмес. Бизди багам деп жайкы каникул учурунда комбайн айдап, мени жанына кошуп жүрчү. Мен азыр дагы атамдан үлгү алам. Ошентип техниканы өздөштүрүп алдым. Аскердик милдетимди Грузияда өтөп келгем.

Чоң атам «үйүңдүн үрөйүн түшүрбө, мал бак, жер иштет» дечү. Алгач жер менен иштеп жүрдүм. Бирок кыйын эле болуп жатты. Себеби канча эгин эксем дагы түшүм начар болуп жатты. Буудай, чөп, картошка экчүмүн. Бирок элдей болуп түшүм алчу эмесмин. Ошентип бир топ жыл кайталанып жүрдү. Акыры мээнетим кайтып, кудай берди. Ошол күндөрүмдү унута элекмин. Бөөдө кырсыктан кудай сактаса эле мээнетке жараша түшүм болот экен.

Жоктон барды курап-жамап трактор айдап жүрдүм. Бүгүнкү күндө тракторлордун түрлөрүн топтоп алдым. Алар менен элге кызмат кылабыз. Шартына карап кээ бир үй-бүлөлөргө бекер кызмат көрсөтөм. Башынан эле сооп иш жасоону жакшы көрөм. Аны кылбасам жылыш болбойт. Сооп иш жасап жатам деп милдет кылып күтө бербейм. Жашоо оропара кылып кайтарып коёт, аны сезем. Эл мээнетимди баалап, облустук грамотага ээ болгом. «Айыл чарбасы боюнча отличник» деген төш белги алгам.

Балдарым мени менен чогуу иш кылышат. Тракторлорду дагы иштетип жардамдашат. Тапкан каражатты ортого коебуз. «Жалгыз аттан чаң чыкпайт» дегендей азырынча балдарым менен бирге иштейбиз. Кийин бөлүштүрүп койгон оңой. Ошентип иш кылып келе жатабыз (күлүп). «Нива» комбайндан бери техникаларым бар. Элдин төө буурчагын, чөбүн, буудайын чаап кызматтабыз. Техника болгондон кийин темир устачылыкты өз алдымча үйрөнүп калгам. Өзүбүз оңдойбуз. Жашоо өзү үйрөтүп, жашоо өзү сабак экен. Жокту көрбөгөн бардын баркын билбейт. Ийгиликке жеттим деп ойлойм. Убагында тракторду тынымсыз 12 саат түшпөй айдаган күндөр болгон. Бирок мээнетим жанды. Жылына миллиондоп киреше табабыз. Кирешебиз дагы техниканы оңдоого жана башкага жумшалып турат.

Мен кыялданып иш баштабайм. Анткени 13 жыл мурда ун сатып коммерсант болуп иштегем. Сооданы дагы билем. Тапкан каражатка сүйүнбөш керек. Аны сарптаганды үйрөнүш керек. Аны билбеген киши акча таап жүрө берет. Бирок каякка короп жатканын билбейт. Башында бир нукка түшүш үчүн далай урундум. Кийин баары жеңил болуп калды. Ишим жолго түшүп бара жатат дегенде кырсыктап, кыйынчылык болуп, таптакыр эч нерсем жок болуп калган. Намыскөйлүгүмдөн эч кимге айтпай, ичимде катылып жүрчү. Ошондо дагы жер тыта иштеп, катар-катар жылда алган түшүмдү бере тургандарыма берип кутулдум. 3 жыл дегенде түшүмүм мол болуп, эшиктин алдына батпай, базарга алып барып сатып, лагман, манты жеп тамактанып, 1 сыналгы алып кубангам. Ал сыналгы азыр дагы бар», - деди ал.

Бакир мырза жубайы Нургүл айым менен 3 уул жана 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×