Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 10.11.2019 11:00 На русском

Сүрөт — Эмгек мигрант көп балалуу памирлик үй-бүлөгө үйүн белек кылды

Turmush -  Россияда эмгектенген мигрант памирлик кыргыздын үй-бүлөсүнө Жайыл районундагы үйүн белек кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 9 балалуу памирлик үй-бүлө Нарындан Жайыл районуна көчүп келген. Учурда Калинин айылында жашап жатышат. Алар каттоого туруп, балдары мектепке, бала бакчага бара башташты.

Кошунасы Садыкжан Абдурахмановдун айтымында, Кылыч Турдукулов үйдү өзүнө сатып алган. Бирок интернет аркылуу памирлик кыргыз үй-бүлөнүн кыйын абалы тууралуу билип, аларга өзүнүн үйүн белек кылууну чечкен.

«Кылыч Владивостокто 7-8 жылдан бери күнөскана иштетет. Анын жубайы жана эки баласы бар. Чечимди алар чогуу кабыл алышыптыр. Ал өзү Кара-Балта шаарына келе албаганына байланыштуу үйдүн ачкычын бул үй-бүлөгө тапшырып коюуну менден өтүндү. Ал эми памирлик кыргыздар көпкө чейин ишенишкен жок. Бул үйгө келгенде абдан сүйүнүштү. Бир жылдан бери ар кайсы жерлерге көчүп жүрүшкөн. Үй-бүлөнүн башчысы 53, жубайы 46 жашта экен. Алардын 9 баласы бар. Эң улуу баласы 30, эң кичүүсү 3 жашта. 5 баласы мектеп курагында. Аялы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген», - деди ал.

Чоң үй-бүлөнүн башчысы Абдували Рашудинин айтымында, анын эң улуу баласы Памирде калган. Анын документтерине байланыштуу көйгөй жаралып, ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келе алган эмес. Памирде анын мүлкү — үйү, малы жана унаасы калган. Аларды алып келүүгө жана сатууга дагы мүмкүн болгон эмес.

«Бизди бул жерде эмне күтүп жатканын билбестен эле келдик. Эки жарым ай жол жүрдүк. Бизге ар кандай адамдар жардам берип жатышат. Нарында бизге азык-түлүк, жөлөк пул, көмүр жана отун беришкен. Балдарыбыз мектепке барышты. Бул жактан дагы дароо жардам берип жатышат. Биз дагы бош отурбай иштегибиз келет. Азыр балдарыбыз мектепке барышат, биз жумуш издейбиз», - деди ал.

Жайыл районунун социалдык кызматкерлери памирлик үй-бүлөгө азык-түлүк жана материалдык жардам беришти. Ошондой эле кышкы кийимдерди тапшырышкан. Алар жаңы жайгашып жаткандыктан эки социалдык кызматкер бекитилди.

«Аларга электр энергиясын колдонуу, нан бышыруу, электр чайнегин пайдалануу сыяктуу иштерди көрсөтүп жатабыз. Үйдүн мурунку ээси нан бышырган мешин, кир жууган машинасын калтырып кеткен экен. Биз аларды кантип колдонуу керектигин көрсөтүп жатабыз», - деди Жайыл райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Керимбай кызы Айымкан.

Памирлик үй-бүлө 5 баласы үчүн жөлөк пул алышат. Мындан тышкары эне-балага майыптыгы боюнча жөлөк пул чегерилген.

«Үч жаштагы баласын бала бакчага киргиздик. Мектеп курагындагы 4 баласы №1 мектепке барышат. Алар атайын программа боюнча окушат. Ал эми 23 жана 25 жаштагы балдарына жумуш керек. Бирок алардын адистик боюнча билими жок, мал бакканды гана билишет. Адистик боюнча окуталы десек окуганды жана жазганды билишпейт. Аларды мамлекет өмүр бою каржылай албайт. Жөлөк пул 16 жашка чейин гана төлөнөт. Андан кийин өзүн багып кетүү үчүн бир кесипке ээ болушу керек. Ошондуктан биздин кызматкерлер мөмө-жемиш өстүргөндү, отун жарганды үйрөтүшөт», - деп билдиришти райондук социалдык бөлүмдөн.

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келгенде жарым жылга каттоого турушкан. Андан кийин каттоонун мөөнөтү узартылып турат. Ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын берүү маселеси да каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×