Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.11.2019 16:29

Караколдо профессор, тилчи А.Имановдун 90 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Каракол шаарында профессор Акеш Имановдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, жазуучулар, мугалимдер катышты. Алар профессордун өмүр баянына, эмгек жолуна токтолушту.

Акеш Иманов 1931-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында туулган. Ал — филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. КМУнун филология факультетин аяктап, эмгек жолун мугалимдиктен баштап, директорлук кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Кийин университетте студенттерге сабак өтүп, кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалады. Ошондой эле кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшүнө арналган 220дан ашык илимий иштердин, кыргыз санжырасы жөнүндөгү макалалардын, окуу китептердин автору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×