Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.11.2019 13:12

Айыл турмушу: Ак-суулук К.Буланбеков балчылык бизнесин баштады (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Калысбек Буланбеков бал өндүрүү менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл ал аарынын санын көбөйтүү аракетин көрүүдө.

«Мен бала кезде эле атам жана чоң атам бал челек кармап, жайында Жыргалаң жайлоосуна чыгып кетчүбүз. Кийин ал кишилердин көзү өтүп, балдары жана неберелери бул кесипти улап кете алышкан жок. Мен 12 жылдан бери турак жайларга жылуулук системасын киргизип, темир устачылык менен алектенем. Акыры бал челек иши мага өтүп, азыр устачылык менен бирге балчылык менен дагы алектенип жатам. Негизи бул ишти өнүктүрсө жакшы киреше табууга болот», - деди ал.

Ошондой эле бал челектин санын 40ка жеткиргенин айтты.

«Өзүм кеч үй-бүлө курдум. Бир кыздуу болгондон кийин келинчегим менен эки жолго түштүк. Ал ортодо бал челектер каралбай, бир топ аары өлүп калды. Эмгектин текке кеткенине зээним кейип, калган 9 челекти жакшы карадым. Азыр бал челектин саны 40ка жетти. Анын ар биринде 80-100 миңден аары болот. Андыктан быйыл чогулткан балды аарылардын тоютуна жумшап жатам. Бир челекке ай сайын 1-2 килограммга чейин бал салынат. Кышында арылар топтошуп азыктанат. Аларга жылуулук жана тынчтык керек», - деди К.Буланбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×