Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.11.2019 15:38

Ак-Суунун Сары-Жаз өрөөнүндө кен казылары күтүлүүдө

Turmush -  Ак-Суу районундагы Сары-Жаз өрөөнүндө вольфрам, калай (олово) кенин казуу маселеси боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коомдук угууда адистер маалымдашкандай, Сары-Жаз өрөөнүндө жылына 100 миң тонна руда иштетүүгө болот. Ал үчүн учурда курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнө жана адистерге бир катар суроолор менен кайрылышты. Экологдор кенди иштетүүдө айлана-чөйрөгө зыян болорун, андан чыккан чаң табиятка таасир берерин айтышты.

Аким А.Тюкебаев учурда тендерден уткан компания курулуш иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал эми тургундар жаратылышка зыян келтирбей, экологиялык талаптардын негизинде иш алып барууну өтүнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×