Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 08.11.2019 14:26

Ошто Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Ош шаарында эркин күрөш боюнча бир туугандар Мухамед менен Ахмед Абитовдордун жаркын элесине арналган мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаевдин айтымында, мелдешке Өзбекстан, Тажикстандан да келген спортчулар катышып жатат. Жалпы 300дөн ашуун спорчулар Ош шаардык спорт комитети тарабынан жатакана жана тамак-аш менен камсыз болду.

«Бүгүнкү мелдеш Абитовдордун жаркын элесине арналып, Ош шаарында сегизинчи ирет өткөрүлүп жатат. Спортчулар биз тараптан жатакана жана тамак-аш менен камсыз болот. Башкы байгени алган спорчулар «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамын алышат. Турнир 2 күнгө уланмакчы», - деди Саркарбаев.

Эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын, СССРдин спорт чебери Ахмед Абитовдун уулу — «Динамо» клубунун машыктыруучусу Мухамадали Абитов атасы мыкты спорчуларды тарбиялаганын айтты.

«Биз аталарыбыз жасап кеткен жумушту улантып жатабыз. 1990-жылдары оор учурларда Абитовдор Кыргызстанда эркин күрөштүн өнүгүшүнө, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон. Бүгүнкү күнгө чейин алардын жасаган иштери уланып келе жатат», - деди Мухамадалы Абитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×