Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 07.11.2019 13:57 Жаңыланды: 07.11.2019 14:10

Чүй облусунда коомдук автоунаалар текшерилип жатат

// Пресс-служба УОБДД г.Бишкек

Turmush -  Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттордун техникалык абалын текшерип жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн маалымдашты.

Текшерүүнүн максаты техникалык абалы тиешелүү талаптарга, нормаларга жана стандарттарга жооп бербеген транспортторду аныктоо болуп саналат. Текшерүү учурунда коомдук транспорттордун бригадирлерине ай сайын техникалык текшерүүдөн өткөрүп туруу тапшырмасын беришти. Ошондой эле каттамга чыккан айдоочуларга жол кыймылынын эрежелери, салонду таза кармоо, жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу жана аларды аялдамадан гана отургузуп, түшүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×