Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.11.2019 10:10

Сүрөт — Түптө түшүм майрамы белгиленди

Turmush -  Түп районундагы айылдык ден соолук комитеттери «Күз берекеси» түшүм майрамын белгилешти, деди Түп райондук ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жылкыбаев.

Анын айтымында, айылдардан келишкен айылдык ден соолук комитеттери өздөрү өстүрүшкөн химиясыз өсүмдүктөрдү көрсөтмөгө коюшуп, алардын ден соолукка тийгизген таасири жана туура тамактануунун жолдору боюнча сынакка катышты.

«Бул жерде жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу үчүн туура тамактануу менен жер-жемиштердин тийгизген таасири жөнүндө талкуу болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Түп райондук аялдар кеңешинин төрайымы О.Клычева, Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Ж.Жайлымышова жана «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси М.Муканбетов сынактын жыйынтыгын чыгарышкан.

1-орунду «Сыйкырдуу суусундук» дарылык касиети бар суусундугун жасап келген Ичке-Суу айылдык ден соолук комитетине ыйгарышты. 2-3-орундарды Тасма жана Кош-Дөбө айылдык ден соолук комитеттери ээлешти. Түшүм майрамын өткөргөндөр сынактан тышкары өздөрү ырдап, бийлеп, көңүл ачып кетишти», - деди Ж.Жылкыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×