Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.11.2019 17:39

Жумгалда акимдин орун басары Г.Исакова отставкага кетти

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлбарчын Исакова ээлеген кызматынан бошотулду.

Аталган түзүмдөн алынган маалыматка караганда, Г.Исакова бул кызматтан өз арызы менен кеткен. Буга чейин өкмөт башчы бир катар жетекчилерге сөгүш жана эскертүүлөрдү берген болчу.

Г.Исакова бул кызматка мурунку ремьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 2015-жылдын 12-мартындагы №55 буйругу менен дайындалган.

Учурда акимдин орун басары кызматына Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, учурда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалында эмгектенип жаткан Элмира Мамбетованын талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Отставкага кеткен Г.Исакова 1964-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Билими жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. Кесиби боюнча математик мугалим.

Эмгек жолун 1986-1987-жылдары Фрунзедеги ЭВМ заводдо инженер болуп иштеп баштаган. 1987-1989-жылдары ушул эле заводдо инженер-программист, 1989-1999-жылдары Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор жана Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында информатика сабагынан мугалим, 1999-2006-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген.

2006-2008-жылдары ушул эле бөлүмдө башчынын орун басары, 2008-2012-жылдары Чаек айылындагы О.Ногойбаев орто мектебинде директор, 2012-2015-жылдары М.Алыбаев мектебинин директору болуп иштеп, 2015-жылдан бери акимдин орун басары кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы. Билим берүүнүн отличниги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×