Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Талас облусу, Талас 06.11.2019 19:50

Таласта милициянын ардагери Шабдан аксакалдын «Турмуш сынактары» китеби жарык көрдү

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Таласта милициянын 72 жаштагы ардагери Орозалиев Шабдан аксакалдын «Турмуш сынактары» аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ардагер 30 жылдан ашуун милицияда кызмат өтөгөн.

«Бул көркөм публицистикалык чыгарманын ичинде өмүр баяным камтылган. Милицияда 30 жылдан ашык эмгектендим. Эмгектерим эскерүү катары жазылып, китеп кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата даярдалды», - деди Шабдан ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×