Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 06.11.2019 10:24

Сокулукта ооруларды алдын алуу үчүн волейбол мелдеши өткөрүлдү

Turmush -  Сокулук районунда жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук ден соолук комитетинин төрайымы Айтбүбү Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 5-ноябрда өттү.

«Бул иш-чаранын алкагында дарыгерлер ооруларды алдын алуу үчүн спорт менен машыгууга кеӊеш беришип, андан кийин аялдар жана эркектер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду», - деди ал.

Ошондой эле жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча долбоор төрт жылга чейин иштей турганын белгиледи.

«Бул долбоордун алкагында 1-май айылы 1 млн сом утуп алган. Ошол долбоордун негизинде айыл өкмөттөр, айыл өкмөттүн ичинде иштеген жаштар уюмдары, жаштар комитеттери, айыл аксакалдары, айыл башчылары жана айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү болуп топтолуп, аялдар арасында 8 тайпа, эркектер арасында 4 тайпа волейбол мелдешинде күч сынашты», - деди ал.

Мелдештин соӊунда жеӊүүчүлөр кубок, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×