Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 06.11.2019 09:46

М.Бердишев Баткендеги медиа борбордун директору болуп дайындалды

Turmush -  Бердишев Мамажан Молдоевич Баткендеги медиа борбордун директору болуп дайындалды.

Маалым болгондой, өлкө аймагында медиа тармагын оптималдаштыруу иштерине байланыштуу Баткенде дагы медиа борбор түзүлдү. Анын курамына облустук телеканал, аймактардагы мезгилдүү басылмалар жана облустук «Баткен таңы» гезити кирди. Эми мындан ары аталган маалымдоо каражаттары бир борбордун астында иш алып барат.

49 жаштагы Мамажан Бердишев кесиби боюнча журналист. Буга чейин Баткен облустук телеканалында, гезитте, облустук администрацияда иштеген. Анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кол коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×