Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусуАлай району 05.11.2019 14:23

Кышында кымыз сатып жакшы киреше тапкан Гүлнара Чамашова аны сактоо эрежелерин айтып берди. Видео

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын 60 жаштагы тургуну Гүлнара Чамашова көп жылдардан бери кыш мезгилине кымыз сактап, аны сатып киреше табат. Анын айтымында, сакталган кымыз кыш айларында салыштырмалуу эки эсе кымбат сатылат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Г.Чамашова той-мааракелерде дасторконго спирт ичимдиктеринин ордуна кымыз коёбуз деп алып кеткендер көбөйгөнүн айтты.

«Биздин айылда көпчүлүк тургундар мал чарбачылык менен алектенишет. Эл катары биз да жылкы кармап, бээ саап, сүтүн, кымызын сатып тиричилик кылабыз. Күз мезгилинде бээнин сүтү азаят. Ушул мезгилден баштап кышка кымыз камдап баштайм. Бул чакан бизнес десем да болот. Жазында, жайында кымызды 70-80 сомдон сатсам, кышында 1 литрди 200-250 сомдон сатам. Азыр 12 бээ сайм. Сүт азайып калгандыктан бир сааганда 1 литрден көбүрөөк сүт алам. Кышкыга 200-300 литрге чейин кымыз сактайм. Той өткөргөн адам 100 литрге чейин сатып алат, кээде андан ашык сатып алгандар болот», - деди Гүлнара Чамашова.

Ал кыш мезгилине кымыз сактоонун жол-жобосу, эрежеси бар экенин билдирди.

«Негизи кымызды айнек идиште сактасаң сапатын жоготпойт. Бирок желим бөтөлкөлөргө да сактаса болот. Желим бөтөлкөлөрдү жууп, ичине суу калбагыдай кылып кургатабыз. Күнүгө 20-30 литр кымызды бөтөлкөгө куюп, караңгы, муздак жерге сактап коём. Күзүндө сакталган кымызды жазга чейин ичсе болот. Ошондо дагы жаңы жасалгандай болуп турат, даамы жакшырат. Дарылык касиети да бар. Кышы менен кымыз ичип чыгабыз. Неберелерим сасык тумоо менен оорушпайт. Иммунитетти көтөрөт», - деди Г.Чамашова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×