Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 05.11.2019 10:26

Айыл турмушу: Китепканачы Д.Алтымышовадан айылдаштары көчөдөн да китеп сурап калышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Дилбар Алтымышова бир нече жылдан бери китепканачы болуп кызмат көрсөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим.

«И.Арабаев атындагы университетти аяктап келип, айылдагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштедим. Акыркы 5 жылдан бери китепканачы болуп эмгектенип келем. Бул кесипти аркалап калганыма сыймыктанам. Ата-энем дагы мугалим болуп ушул мектепте иштешкен. Алар ардактуу эс алууда. Китепкананын иши сырттан караган кишиге жеңилдей көрүнөт. Бирок андагы кагаз жумуштары менен иш-чараларды өткөрүүгө талап чоң. Көпчүлүккө «муну иштеген киши жакшы билет» деп калам (күлүп). Даталуу күндөрдө дубал гезиттерди даярдап илип, окуучулар менен бирге иш-чаралар болуп турат.

Китепкананын окурмандарынын 50%дан ашыгын башталгыч класстардын окуучулары. Себеби кошумча жомок китептерин окууга мугалимдери жана ата-энелери үндөп келишет. Андыктан аларга жомок китептерди берип, график менен окуйбуз. 9-класска чейинки окуучулар дагы кызыктуу китептерди окуу үчүн киришет. Каникул учурунда китептеримди сагынып калам. Мени күтүп калгандай сезилет. Балдарыма дагы китеп окуп берем.

Мектеп окуучуларынан башка айыл ичиндеги аксакал кишилер жана апалар дагы келип, керектүү китептерди алып турушат. Алар союздун убагындагы кишилер болгондуктан энциклопедияларды, астрономия, физика боюнча китептерди окушат. Айрымдары китептеги темаларга көз жүгүртүп алып, бала-бакыраларынын техника жана башка нерселерине жардам берип калышат экен. Окуучулардан тарта тургундарга чейин келип, китептерди окуп, китепканага кирип-чыгып турушса кубанам. Керектүү китептерин таап берип турам. Иш күнүмдөн тышкары жолдон дагы китеп сурап калгандар болот (күлүп).

Алып кеткен китептерин 1 жуманын ичинде кайтарышат. Учурда жалпы 6000 окуу китептер, 1000 усулдук китептер, 1500 адабий китептер бар. 2015-жылы министрликтен текшерүү келип, биздин мектептин китепканасы текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында баары так чыгып, макталып, айыл өкмөтүнүн грамотасына ээ болгом (күлүп)», - деди ал.

Китепканачы айым үйүндө чеберчилик менен да алектенет. Буйрутма алып, кийимдерди тигет. Үй-бүлөдө 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×