Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.11.2019 10:08 Жаңыланды: 05.11.2019 17:23

Айыл турмушу: Жалаӊ «2» коюп жүргөн окуучусун эр жеткенде көрүп, катуу уялган мугалим Гүлпаша Жошкунова

Turmush -  Педагог Жошкунова Гүлпаша Асановна Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айылынын 1955-жылы туулган тургуну. Ал бир кезде начар окуган окуучусуна «2» деген бааны коюп жүрүп, кийин ал жигитти көргөндө уялганын билдирди. Аймактык кабарчы Гүлпаша айым менен маектешти.

Педагог учурда Чүй районундагы Тынымсейит Оңолбаев атындагы орто мектепте окуучуларга англис тилин үйрөтөт.

«Жашоодо, жумушта ар түрдүү окуялар болот экен. Класста өтө начар окуган бир окуучум бар болчу. Бир күнү аялдамада турсам кычараган жеңил унаа токтоду. Айдоочу "эже, отуруңуз" деди. Мен рахматымды айтып отурдум. Ал жигит мени кечке карап, "мени тааныган жоксузбу?" деди. Мен ага тааныбай жатканымды айттым. Ал "эже, мен сиз дайыма 2 коюп жүргөн Нурланмын" деди да, мени бара турган жериме чейин жеткирип койду. Чынын айтсам абдан уялдым. Көрсө турмушта ар кандай шарттар болот экен. Окуудан начар болсо да, жашоодо ордун тапкан экен деп толкундандым.

Жаштарга кеңешим — талыкпагыла, окугула, эмгек кылгыла. Эмгек гана адамды адам кылат. Адам эмгеги менен таанымал», - дейт мугалим.

Гүлпаша айым мугалимдик кесипти тандап калышына чет тилин окуткан мугалими себеп болгон.

«Цыбина Александра Ивановна деген мугалимим бар болчу. Сабакты абдан кызыктуу өтүп, окуучуларды өзүнө тарта алчу. Мен да кыялымда ошондой мугалим болсом экен дечүмүн. Кудай буйруп, кыялым ишке ашты. Октябрь орто мектебин 1962-1972-жылдары окуп бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер (немис тили) факультетине бардым. Аны 1977-жылы аяктап, дароо Чүй районундагы Тынымсейит атындагы орто мектебине жумушка орноштум. Ал жакта 2 жыл эмгектенип, азыркы Тынымсейит Оӊолбаев атындагы орто мектебине которулгам. Ошондон бери ушул жакта эмгектенип келем. Ал ортодон окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп да иштедим», - деди Г.Жошкунова.

Педагог айым үй-бүлөлүү. 3 кыз, 2 уулдун апасы.

«Балдарымдын баары жашоодо өз ордун табышкан. Эки кызым жолумду жолдоп мугалим болушту», - деди ал.

Г.Жошкунова билим берүү тармагында 42 жыл эмгектенип, бир топ сыйлыктарга ээ болгон. Ал Чүй районунун, Чүй облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн ардак грамоталарына, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×