Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 04.11.2019 21:00 На русском

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы: Нарында шахмат боюнча ачык биринчилик өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын арасында шахмат боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке жалпы 7 команда катышкан. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду №2 мектеп-гимназиянын командасы, 2-орунду №4 мектептин жана 3-орунду №7 мектептин командалары ээледи. Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн дипломдору жана медалдары тапшырылды.

Ошондой эле мыкты оюнчуларга баалуу белектер ыйгарылды. Жеңүүчү деп табылган №2 мектеп-гимназиянын командасы кубок менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×