Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 04.11.2019 11:22 На русском

Айыл турмушу: Мугалим К.Самсалиева башталгыч класстын окуучулары менен кантип мамиле түзүү керектигин айтып берди (сүрөт)

Күлмира Самсалиева окуучулары менен
Күлмира Самсалиева окуучулары менен

Turmush -  Ысык-Ата районунун 49 жаштагы тургуну Күлмира Самсалиева өзүнүн мугалими А.Жуковага окшошуп басып, кийинип, окуучуларга билим берүүнү каалачу. Бала кезиндеги кыялы орундалган мугалим учурда башталгыч класстын окуучуларына билим берип келет. Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде окуучулар менен кантип мамиле түзүү керек экенин айтып берди.

Самсалиева Күлмира Базарбековна 1970-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айылында төрөлгөн.

«Мен бул кесипти тандап алганымдын бирден бир себеби — бөбөктөрдү жакшы көргөнүм болду окшойт. Бизди А.Жукова аттуу мугалим окуткан. Мен үчүн ал мугалим үлгү болчу. Анын басканы, бизге кылган жылуу мамилеси жакчу.

Кичинекей бөбөктөр менен иштешүү өтө кызыктуу. Аларга ар күнү ар түрдүү билим берүүгө шашам. Алар оюнкараак болгону үчүн, ар бир сабакты оюн түрүндө өтүш керек. Ошондо өтүлгөн теманы эске түйүп калышат. Ар биринин мүнөзүнө жараша "ачкычы" бар. Мугалим чеберчилик менен ар бир баланын ачкычын таап, мамиле түзүш керек. Мугалим өзүн да улам өнүктүрүп турушу абзел. Анан да башталгыч класстын окуучулары табышмактарды тапканды, ребурстарды чечмелегенди, бири-бири менен мелдешкенди жактырышат. Жомокторду ар бир каармандардын образына кирип окушат. Ошондо гана баланын китепке болгон сүйүүсү ойгонот. Мен ушундай ыкмаларды колдоном.

Эгер окуучуга билим алуу оор болуп жатса, анда ага бардык тараптан мүмкүнчүлүк бериш керек. Дароо эле "2" деген бааны коюп, урушуп, басмырлоо туура эмес. Анын көӊүлүн алып, аракет кылса башкалардай болуп окуй аларына ишендириш керек», - дейт педагог.

К.Самсалиева билим берүү тармагында 24 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет.

«Өзүм алгач Ивановкадагы А.Гайдар атындагы орто мектептин босогосун аттагам. СССР учурунда ата-энем чабан болгондуктан, аларды ар кайсы чарбаларга жөнөтүшчү. Ошондуктан 7-8-классты Казакстандын Жамбыл районундагы мектептен окуп келгем. Анан кайра Ивановкага келип, 11-классты бүтүрдүм. 1986-жылы Нарын педагогикалык училищага барып, аны 1990-жылы аяктадым. Андан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алдым.

Эмгек жолум 1990-жылы Кеӊ-Булуӊ орто мектебинде башталды. Ошол жылы башталгыч класстардын мугалими болдум. Ал эми Ивановкадагы №4 орто мектепте 1999-жылдан бери эмгектенип келем. Бир топ ардак баракчалар менен сыйлангам», - деди Күлмира Самсалиева.

Педагог үй-бүлөлүү. 1 кыз, 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×