Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.11.2019 10:39 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Лира Көчөтова күнүнө 100 литр сүт өткөрчү

Лира Көчөтова
Лира Көчөтова

Turmush -  Ат-Башы районунун 37 жаштагы тургуну Лира Көчөтова көп жылдардан бери уй саап, сүт сатат. Ал 20 жашында ушул эле райондун Биринчи май айылына келин болуп келген. Саанчы айым менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал 1984-жылы Ат-Башы районунун Дыйкан айылында туулган. Жолдошу менен бирге уй саап, сүттүн арты менен киреше таап жатышканын билдирди. Жубайлардын 5 кызы бар.

«Өзүм 6 бир тууганмын. Кыздардын эң кичүүсүмүн. Жайы-кышы дебей Биринчи май айылынын Богошту конушунда жашайбыз. Башында өзүм жалгыз 12 уй саачумун, азыр 6 уй саайм. Күнүнө 60-70 литрге чукул сүт алсам, аны 13 сомдон сатам. Сүттү күнүгө эртең менен жолдошум, кээде мен сатам. Жай мезгилинен күзгө чейин сүттөн түшкөн киреше менен үй-бүлөбүздү багабыз. Жолдошум мал чарбачылыгы менен алектенет. Кыздарга жөлөк пул албайм, себеби бизде техника бар экенин айтышат. Кыздардын окуу куралдарын, кийим-кече, тамак-ашын деле сүттөн түшкөн акчага алабыз. Мурда 12 уй сааганда күнүнө 100 литр сүт өткөрчүмүн», - дейт Лира Көчөтова.

Ал жаңы келин болуп келген кезин дагы эске салды.

«Жолдошум менен жаңы үйлөнгөндө аябай кызыктуу, жакшы күндөр өттү. Үйлөнгөн жылдары экөөбүз жетелешип алып карагайларды аралап келчүбүз. Жолдошум мага гүл терип берчү. Ал башында кандай болсо азыр деле ошондой, мени сыйлап турат. Кыздуу болсок дечү элем, кудайга шүгүр, 5 кызым бар. Алтынчы наристебизди күтүп жатабыз.

Айылда, жайлоодо жашоо кызыктуу. Таза аба, таза суу, бардыгы нукура, жалпылап айтканда жашоо жеңил», - дейт Лира айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×