Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 04.11.2019 13:52

Айыл турмушу: 19 жаштагы Сыймык айылдагы көк бөрү үчүн шаардагы окуудан баш тартты (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кеңеш айылынын 19 жаштагы тургуну Сыймык Улан уулу атасынын каршылыгына карабастан көк бөрү ойноп, ийгиликтерди жарата баштады. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен тарта эле жылкыларга жакын.

«Кичине кезимде эле атка жакын чоңойдум. Ат үстүндө өзүмдү эркин алып жүргөндүктөн 3-классымдан тарта кичинекей балдар арасында өтүүчү көк бөрүгө катыша баштадым. Айыл ичиндеги оюндарда ойноп жүрүп, 5-классымда чоң жаракат алып, эсимди жоготуп койгом. Ошол күндөн тарта ата-энем көзөмөлдөп, менин көк бөрү ойношума каршы чыгышты. Арадан бир аз убакыт оюнга аралашпай жүрүп, жараатым айыккан соң кайра эле ойноп баштадым. Атам мени эшикке чыгарбай, атты бербей койгон учурлар көп болду. Бирок үйдөн жөн эле карап турам деп кетип, башкалардын атын сурап алып көк бөрү ойночумун.

9-классты бүткөндөн кийин Бишкек шаарына окууга жибермек болушту. Бирок мени айылдагы көк бөрү эч жакка кетирген жок. Эгер кетип калсам көк бөрү ойнобой калам деп болбой койгом. Бул оюн – кумар. Бир ойногондон кийин эч чыга албайсың, ойногуң келип турат.

Айылыбызда өткөн улак тартыштардын биринде жакшы оюн көрсөтүп, ошонун натыйжасында «Бакубат Талас» командасына кошулгам. Ал тайпа менен биргеликте 9-майда өткөн чоң көк бөрүдө оюнга чыктым. Алдыда жакшы пландар бар. Мыкты улакчы аталсам деп тынбай машыгып жатам», - деди ал.

Көк бөрүчү жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×