Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусу, Талас 03.11.2019 08:45

Айыл турмушу: Сулуулук салондо иштеген Л.Асранкулова билгендерин кыз-келиндерине үйрөтмөк болуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Беш-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну Людмила Асранкулова айымдарга сулуулук тартуулап иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Таластын Орто-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы жолдошу Көкүлов Нуржанга турмушка чыгып, Беш-Таш айылына келин болуп келген.

«Ысымымды атам коюптур. Кийин окуучу кезде «эмнеге орустун атын коюп койгонсуз?» деп сурасам, орус ырчысы Людмила Зыкинанын күйөрманы болгон үчүн анын атын койгондугун айткан. Мен төрөлгөндө достору менен жууп жатып, атам бир досу менен мелдеше кетип, жакшы көргөн ырчысынын атын мага коюптур. Айылда өткөн ар кандай иш-чараларда ырдап жүрөм. Келин алып келишкен тойлордо «Жар-жар» ырдайм. Кайын журтум Людмила Зыкина деп атап алышкан», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле азыркы иши жөнүндө айтып берди.

«Учурда сулуулук салондору, интернет өнүккөн заман. Бардык айымдар сулуу болгусу келет. Сулуулуктан каражатыңды аябай салондорго баш багасың. Бир нерсеге үйрөнүү, окуу үчүн эч качан кеч болбойт. Учурда Таластагы сулуулук салондорунун биринде тырмак сулуулаганды, кирпик жасоону үйрөнүп иштеп жатам. Бул ишке да ийкемдүүлүк, шык керек экен. Өзүмдүн кызыгуум болгондуктан бат эле алып кеттим десем болот. Азыр иш жок, билимим жок деп көптөр жумушсуз жүрөт эмеспи. Келечекте келиндериме, кыздарыма билгенимди үйрөтсөм, заман талабына жараша каражат таап, кесиптүү болушса дейм», - деди ал.

Людмила айым 1 кыз, 4 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×