Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусу, Талас 03.11.2019 10:35

Айыл турмушу: Мугалим М.Раеванын 8 бир тууганы да математик мугалим (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 57 жаштагы тургуну Майрамкүл Раева айым үй-бүлөлүк мугалимдер династиясын улап, агартуу тармагында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. Учурда физика-математика жана информатика илимдеринин кандидаты. 44 илимий эмгектин автору.

«Ата-энем экөө тең айылда математик мугалим болуп иштеп, «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болушкан. Өмүрлөрүн окуучуларга билим берүүгө арнашкан. Аларга окуучулары эже-агай деп учурашкандарын көрүп, мен дагы агартуу тармагында иштейм деп кыялданчумун.

9 бир туугандын бешинчисимин. Баарыбыз математика мугалимибиз. Бизди мугалимдердин династиясы деп аташат (күлүп). Жогорку окуу жайды 1984-жылы аяктадым. Алгачкы эмгек жолум өзүм туулуп өскөн мектепте мугалим болуу менен башталган. Ошол эле мектепте 12 жыл окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектендим. 1997-жылдан бери Талас мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенип, физика-математика жана информатика кафедра бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келем. 2004-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алгам. 2013-жылы физика-математика жана информатика илимдеринин кандидаты болдум. 2016-жылы Кыргызстан аялдар конгрессинин ордени жана башка төш белгилер менен сыйландым. Жаш мугалимдерди даярдап келем. Аларга жана студенттер үчүн 2 методикалык колдонмо чыгардым.

Кызматтарда иштеген жана сыймыктанган окуучуларым, студенттерим арбын. Начар окуйт деп баланы урушуунун кереги жок. Бала менен жакын мамиледе болуп, анын шыгын байкап, ошого жараша жолго салуу зарыл. Себеби күнүгө оку деп кыйнагандан пайда болбойт. Бир начар окуган окуучум бар эле. Бирок сүрөттү жакшы тартчу. Андан бир күнү дубал гезитке сүрөт тартып келүүнү сурандым. Эртеси дубал гезитке тема боюнча эң жакшы сүрөт тартып, илип коюптур. Ата-энесине баласы сүрөт боюнча кошумча сабак алышы керектигин сунуштадым. Ал окуучум 8-классты бүтүп, сүрөтчүлүк боюнча окуу жайга кетип, азыр белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири болду. Ал балам классташтары 11- классты бүтүп жатканда келип, «кесибимди туура тандоого түрткү болгонсуз» деп мага жаратылыштын сүрөтү тартылган картина берген.

Дагы бир окуучум аябай бейбаш болчу. Бейбаштыгынан тил көп угуп, мен дагы тажабастан акыл-насаатымды айта берчүмүн. Бир күнү ал балага «келечекте ким болот экенсиң?» деп суроо бергеним эсимде. Кийин, болжолу 15 жыл өтүп кетсе керек автобустан мени тааныдынызбы?» деп жигит учурашты. Тааныбаганымды айтсам, фамилиясын айтып эстетти. Анан ал «Эже, сиздин көз алдыңызда оңолгон эмесмин. Бирок айтып жүргөн мугалимдик кеңештериңиздин баарын кийин эстедим. Азыр баарын түшүнүп, тартип сакчысы болуп иштеп жүрөм» деп мени таң калтырган. Азыр дагы иштеп жүрөт (күлүп)», - деди ал.

Мугалим айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×