Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Чүй облусуМосква району 02.11.2019 13:45

Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрда Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маданият кызматкерлеринин айтымында, салтанатка райондун жетекчилиги, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты. Иш-чарада М.Рыскулбеков атындагы балдардын көркөм музыкалык мектебинин директору Гүлкайыр Усенова «Маданияттын мыкты кызматкери», райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жамал Молдокулова «Кыргыз Туусунун каарманы» сыйлыктарын алды. Өз өнөрлөрүн ортого салышкан «Сары-Өзөн айымдары» жана «Ак-Суунун ак элечек айымдары» топтору жандуу ырдашты. Комузчу Санжыбек Молдошерипов так теке күү чертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×