Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 02.11.2019 11:11

Нарында куткаруучулар арасында спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Нарын шаарында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди эскерүү максатында куткаруучулар арасында волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Талант Масымбеков билдирди.

Маалыматка караганда, таймаштар Нарын райондук жана Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулду. Ага облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн өздүк курамдарынан түзүлгөн 6 команда катышты. Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду райондук бөлүм, 2-орунду №4 бөлүмчө, 3-орунду №3 бөлүмчө ээледи. Кичи футбол боюнча 1-орунду облустук башкармалыктын командасы, 2-орунду №2 күзөт бөлүмү, 3-орунду №4 күзөт бөлүмүнүн командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×