Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Талас облусуТалас району 02.11.2019 13:00

Айыл турмушу: Таластык мугалим Б.Нусупова окуучулар менен айылда тазалык акцияларын уюштуруп турат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Бактыгүл Нусупова бир топ жылдан бери агартуу тармагында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Анын айтымында, өзүнүн классташына турмушка чыккан.

«Балдарга биология жана экологиядан көптү айтып берсем деп кыялданчумун. Талас мамлекеттик университетин аяктагам. 20 жылдан бери өзүм окуп бүткөн мектепте иштеп жүрөм. Бул кесипти тандаганыма өзгөчө кубанам. Себеби билим албай калган балдар болбосо экен дейм. Өзүмдүн сабагыма жакын болгон медицина жагын дагы бир аз болсо дагы ала жүрөм. Окуусун бүтпөсөм дагы балдарга биринчи жардам сыяктуу маалыматтарды бере алам. Себеби чоң аталарым чөптөрдөн дары-дармектерди жасашчу.

Мындан тышкары экология сабагы боюнча дагы ийримди 3 жылдан бери жетектеп келем. Анда бизди курчап турган айлана жана жаныбарларды сактоо боюнча билим берем. Ийримге балдар өз кызыгуулары менен келип жатышат. Балдардын жаратылышка болгон көз карашын түздөө керек. Окуучулар менен бирге айылдын ичинде айлана-чөйрөнү таза кармоо тууралуу чакырыктарды көтөрүп алып акцияларды өткөрүп турабыз. Окуучуларды көрүп тургундар дагы жок эле дегенде колундагы кагазды ыргытып жиберүүдөн уялып калат.

Класс жетекчи болуп, 3 класс бүтүргөнгө жетиштим. Окуучулар менен мектептин жашоосу өзүнө тартып турат. Кызыктуу учурлар дагы болуп турат. Суу кечип барып окуучумду сынакка алып келген күнүмдү унутпайм. Алгачкы классым 9-класс болуп, экзамен тапшырып жатышкан. Сабакта бир окуучу балам жок. Ал суунун наркы өйүзүндө жашачу эле. Анын үйүнө бара турган көпүрө алысыраак болчу. Жолду кыскартып муздак сууну кечип өтүп, үйүнө барсам баягы балам уктап жатат. Аны жетелеп келип сынакка киргизгеним эсимде (күлүп).

Семинарларга активдүү катышып жана өтүп, эмгектенип жатам. Анын негизинде сыйлыктарга ээ болуп, «Мыкты класс жетекчи», «Биология боюнча мыкты мугалим», «Жылдын мыкты мугалими» деген наамдарды алдым», - деди ал.

Мугалим айым бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенет. Үй-бүлөдө 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×