Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2019 11:21

Нарында милиция кызматкерлери волейбол ойношту

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Нарын ОИИБде кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Волейболго Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, атайын операциялык отряд, коомдук коопсуздук бөлүмү, кайгуул күзөт кызматы, ЖКККБнын кызматкерлери жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Оюн кызыктуу жүрүп, жыйынтыгында жеңүүчү командалар Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×