Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2019 22:00

Сүрөт — Ошто бий фестивалы өтүүдө

Turmush -  Ош шаарында жаштардын бий фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 30-октябрда «Заманбап» аталышындагы жаштар фестивалынын ачылышы өткөн. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Фестивалга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын таланттуу жаштары катышууда. Уюштуруучулардын бири Мээрим Кубанованын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — жер-жерлердеги жаштарды чогултуп, аларга талантын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

«Фестивалга 33 ырчы, 6 бий топтору катышууда. Иш-чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө. Максаты — жаштарды милиция менен кызматташууга үйрөтүү», - деди Мээрим Кубанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×