Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 31.10.2019 16:37

Айыл турмушу: Таластык мугалим Э.Токтоналиев 100 миң сомго аарыларды сатып алып, бал өндүрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Ой айылынын 59 жаштагы тургуну Эркин Токтоналиев бал аарыларды бага баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жалпы 20 челек аарыны 100 миң сомго сатып алган.

«Жигитке 70 өнөр аздык кылат» деп коёт эмеспи. Мен эсептесем ушул жашка келгенче 14 гана өнөрдүн ээси боло алыпмын. Колум кыла алган, көзүм жеткен иштин баарын кыла алам. Бир жагынан мугалим болсом, бир жагынан уста, сүрөтчү, электрик жана башка жумуштарды аркалап келем. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. 30 жылдан бери айылдагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектепте биологиядан сабак берип келе жатам. Бул менин экинчи кесибим. Биринчи кесибим фельдшер. Айылдагы ФАПта бош орун жок болгондуктан иштеген жокмун. Мугалимдик кесипке ээ болуп, мектепке жумушка орношком. Эртең менен мектепке, мектептен үйгө шашам. Үйгө келгенде сырткы жумуштарды жасайм. Айыл тургундары "жаның жок экен, сенде эс алуу деген болобу?" деп көп сурашат. Ден соолугуң болуп турганда кыбырап турганга эмне жетсин?

1 жылдан бери бал аарыларды багып жатам. Бул иш жөн жерден эле башталып кеткен. Өзүмдүн бир тууган акем дагы балчы. Балчылар бири-бирин таанышат, тажрыйба бөлүшүп турат эмеспи.

Бир күнү акем «Бал челек сатып алып аары бакпайсыңбы. Менин таанышым чет өлкөгө кетиши керек болуп жатат. Шашылыш бал челектерди сатып жатат» деп сунуштап калды. Акем экөөбүз барып, 20 челектин баарын 100 миң сомго сатып алдык. Ошентип балчылыкка өттүм. Күнүнө жумушума барам, келгенде аарыларга жөнөйм (күлүп). Азыр үстүн жылуулап жаап койдум. Жазга чейин жата беришет. Жазында чыгарам. Челектерин тазалайм. Мезгили менен дары чачып коём. Азыркы учурда буларга атайын суюк дары чачып койгом. Анткени булар да биттешет. Битке каршы ошол суюктукту чачып коём.

Быйыл жакшы бал беришти. 600 литр бал берди. «600 литр бал берсе эң сонун экен» дегендер көп болду. Балдын 1 литрин 250 сомдон саттык. Сатып түгөтүп койгондон кийин сурап келгендер көп болуп жатат. Кийинки жылдан баштап жер которуп, гүлдөргө кондурайын деп жатам. Анткени канчалык көп гүлгө консо, ошончолук көп бал берет. Челектерин тазалап жатканда аарылар чагат. Денем шишип кетет. Бирок ал эң пайдалуу экен. Мен көбүнчө майда иштерди акемден үйрөнөм. Ошондой эле азыр интернет өнүккөн. Маалымат булактарынан карап, керектүү ыкмаларды үйрөнүп жатам», - деди ал.

Мугилим-балчы 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×