Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 01.11.2019 11:27

Айыл турмушу: Таластык көк бөрүчү Баян жаракат алганына карабай, мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Баян Исакжан уулу эс-учун жоготуп койгон учур болсо дагы көк бөрүнү таштабай ойноп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тарыхчы мугалим.

«Атам, чоң атам, акелерим көк бөрү ойношкон. Мен жана менден кийинки инилерим дагы улак чабабыз. 2011-жылдан бери көк бөрүгө аралашып, 4 жылдан бери командада ойнойм. Командабыз менен бирге облустар аралык таймаштарда ийгиликтерди жараттык. Көк бөрү кооптуу оюн болсо дагы кызыгуум коркунуч сезимин басып коёт. Мында оюндун 70%ы аттан көз каранды. Жакшы ат менен оюнда жүргөндө ишеним чоң болот. Жаракат алган учурлар болбой койбойт. Мисалы колу-бутуңду кайрып, аттын башы тийип, бетибиз көгөрүп келген мезгилдер болот.

Мектептеги курагымда жашсың деп ата-энем көк бөрүгө түшкөнүмө каршы болгон. Бирок качып барып оюнга кошулчумун. Көк бөрүдөн баш тартпасымды көрүп, азыр колдоп калышкан. 2 жыл мурун Манас айылында чоң той болгон. Анда 30 команда ойноп, башкы байге болгон унааны утуп, катуу кубанганыбыз эсимде.

Атты өзүм таптап карайм. Көп жылдан бери Айтумар жана Вампир деген аттарым менен ийгилик жаратып жүрөм. Командада чабуулчумун. Атам оюнду көрүүгө барып турат, такыр калбайт. Кичинекей кезибизде талааларга чыгып улак чапчубуз. Анда улуу акелер улактарыбызды алып, качып кетишчү. Бир күнү аны атам байкап калган экен. Бизди машыктырып, көптү үйрөткөн.

Дагы бир жолу айыл ичинде көк бөрү болду. Ошол күнү иним шаарга, ата-энем конокко кеткен эле. Көк бөрүнүн кызыгына кирип, улак эңип бара жатканда аттан кулап калгам. Башым катуу урунуп калган окшойт. Оюндун аягына чейин ойноп жүрө бериптирмин. Бирок эч нерсе эсимде жок. Үйгө келгенде ата-энеме телефон чалып, алар каякка кеткенин сураптырмын. Кайра иниме чалып, аны да сураптырмын. Бирок алар каякка кеткенин билчүмүн. Атам менин акыбалымды сезип, айылдагы бир акемден улак тартыш болгонун, анда мен дагы ойноп, аттан кулаганымды билген экен. Ошол замат ата-энем келип, мени ооруканага алып барабыз дегенде «ал жакка барбайм» деп ызы-чуу салыптырмын. Ооруканага жеткенде дарыгерлердин дагы сөзүн укпай, чатак салган экенмин. Эртеси эсиме келип, дарыгердин бөлмөсүнө кирсем «клоун, өзүңө келдиңби?» деп күлгөн. Эртеси командадагы балдарга чалып, «канчанчы орунга илиндик эле?» деп сурагам. Алар «ушул суроону бергенден тажаган жоксуңбу?» деп күлүп жатпайбы. Көрсө ооруканага барганча дагы балдарга кайра-кайра чалып сураптырмын. Азыр тактикаларды билип, ошондой учурларда сак болгонго аракет кылам», - деди ал.

Баян мырза 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×