Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.10.2019 17:34

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери футболдук мелдешке түштү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

2006-жылы кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан ажал тапкан милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча спорттук мелдеш Жалал-Абад ШИИБ тарабынан өткөрүлдү.

Достук жана Курманбек аймактык башкармалыктары менен тыгыз иш алып барган кызматкерлер өзүнчө команда түзүшүп, жалпы 4 команда биринчилик үчүн күч сынашты. Ушундай эле спорттук иш-чара Таш-Көмүр ШИИБ тарабынан уюштурулуп, өздүк курамдан жана ардагерлерден куралган жалпы 5 команда оюнга түштү.

Кыргыз милициясынын күнүнө арналган кичи футболдун жеңүүчүлөрүн сыйлоо 1-ноябрда өткөрүлөт. Ден соолукту чыңдоо жана күжүрмөн даярдыкта болуу үчүн милиция кызматкерлери арасындагы ушундай спорттук мелдештер байма-бай уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×