Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуМанас району 30.10.2019 17:00

Айыл турмушу: Манастык Н.Мадымарова күнүнө 80 даана торт жасалган цех иштетүүдө (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун 34 жаштагы тургуну Наргиза Мадымарова таттууларды жасап, 6 жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын кызы. 2005-жылы Манас районуна келин болуп келген. Күнүнө 80 даана торт чыгарууга жетишет.

«Жолдошум экөөбүз 2013-жылы эки ажырым жолго түштүк. Бул нерсе тагдыр экен. Ортобузда 2007-2010-2013-жылы төрөлгөн балдарыбыз бар. Учурда алар менин колумда. 3 баламды багуу үчүн бир иш менен алек болуп, акча табышым керек. Апамдын колдоосу менен атайын таттууларды чыгарып баштадым. Апам 3 баламды карашып жардам берип жүрдү. Ошентип 2014-жылдан бери таттуу чыгаруучу ишкана иштетип келем.

Мени менен кошо 4 адам иштейт. Бир гана торт чыгарбастан токоч дагы чыгарабыз. Жумуш токтоп калбайт, тыным жок. Айлык акыбыз жакшы, бир үй-бүлөнү кенен багып кете аласың.

Токоч чыгара турган болсок 1 күндө 2 кап ун керектелет. Ал эми тортту эң көп дегенде бир күндө 80 даана жасайбыз. Эң аз дегенде 30 даана торт чыгарабыз. Таттууларды атайын дүкөндөргө тапшырабыз. 280 сомдон жана 230 сомдон сатылат. Азыр буйрутма бергендер көп болгондуктан жумуш көп. Бизге күз жана кыш мезгилинде көп буйрутма түшүп турат. Анткени майрамдар, тойлор көп болот. Ишканабыз чакан, буйруса кеңейтип, кыз-келиндерди иш менен камсыз кылуу тилегим бар», - деди ишкер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×