Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2019 20:00 На русском

Ошто кикбоксчу А.Хакимовду жана «Тойота Камри» жеңип алган мушкер Р.Ибраимовду кантип тосуп алышты? Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында кикбокс жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерде ийгилик жараткан 2 спортчуну салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 30-октябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн кикбокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган Аброр Хакимовту жана Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлгөн эрежесиз эр уруш боюнча «WEF Gran Prix 2» турниринин жеңүүчүсү Рыскул Ибраимовду жана анын машыктыруучусу Нургазы Амиракуловду салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чарага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчулардын жакындары жана спорт сүйүчүлөрү катышты.

Аброр Хакимов 20-26-октябрь күндөрү Сараево шаарында өткөн биринчиликте 67 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал 23-октябрда хорватиялык, 24-октябрда испаниялык мушкерди жеңген. 26-октябрда жарым финалдык беттеште болгариялык мушкерге жеңилип калган. Жыйынтыгында 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

«Дүйнөлүк чемпионат 2 жылда бир жолу өткөрүлөт. Турнирге 1 жылдан ашык убакыт даярдангам, бирок менин каршылаштарым дагы мыкты даярданышыптыр. Мен утулуп калган болгариялык мушкер 1-орунду алды. Кийинки чемпионатта алтын медаль утканга аракет кылам», - деди Аброр Хакимов.

«Спорт-АКИпресс» басылмасы Сараево шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышканын жазган. Анын алкагында кыргызстандык Авазбек Аманбеков 57 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону болгон. Мелдешке 58 мамлекеттен келген 754 спортчу катышкан.

Ал эми Рыскулбек Ибраимов 27-октябрда Бишкек шаарында дүйнөлүк «Кулатуу эр таймаш» федерациясы тарабынан уюштурулган турнирде 57 кг салмактагылар арасында мушташкан. Мелдешке жалпы 16 спортчу катышып, алардын ичинен Рыскулбек Ибраимов баш байгени утуп, алтын кур жана «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунаа менен сыйланган.

«Бул беттешке 2 ай даярдангам. 4 беттеш өткөрүп баш байгени утуп алдым. Негизи бардык спортчулар мелдеш жакындаганда салмактарын тууралашат, спортчулар үчүн ушул салмакты (57 кг) тууралуу кыйын. Менин алдыдагы максатым — чет өлкөлөрдө өлкөбүздүн желегин желбиретүү, жаштарга үлгү болуу», - деди Рыскулбек Ибраимов.

Финалдык беттеште Рыскулбек Ибраимов менен Арген Муратбек уулу беттешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×