Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.10.2019 16:04 Жаңыланды: 06.11.2019 21:30

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Э.Бараков жыгач устачылыктын сырын билет

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Эрнат Бараков жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1976-жылы туулган.

«Иним сүрөтчү. Ал буга чейин жыгачка ар кандай сүрөттөрдү тартып, кооздоп жасачу. Мындан улам менде дагы жыгач устачылыкка кызыгуу пайда болду. Алгач сандык жасап, аны саттым. Ошондон тарта 6 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келем», - дейт ал.

Уста керектүү материалдарды сатып алат. Көбүнчө терек, кара жыгачтарды колдонот. Ал сандыктан тышкары керебеттерди, үй эмеректерди жана балдарга ылайыктуу эки кабаттуу керебеттерди жасайт.

«Кардардын каалоосу кандай болсо, ошондой кылып жасап берем. Кээ бири гүлдөрдү, айрымдары кыргыз оюуларын түшүрүүнү суранат. Бир сандык 8 миң сомдон 15-17 миң сомго чейин бааланат. Бир буюмду жасоого 10 күн убакыт кетет. Жыгач кылдат иштөөнү талап кылат. Учурда бул өнөрдү балдарыма дагы үйрөтүп жатам. Келечекте цех ачып, өзүм өңдүү усталарга иш ордун түзсөм деген планым бар», - дейт уста.

Жубайы Назира анын ишине жардам берет. Алар 5 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×